Эл башына топ жорулар шайланып.
Алтын кендер жем баштыкка айланып.
Турган кези бийлик бүгүн жутунуп,
Чоң мафия, корупцияга байланып.
Суулар соолуп, сай какырап калса да.
Кунар кетип, жердин куту качса да.
Жерүй кенин ачабыз дейт баары бир,
Талас өрөөн чоң апаатка батса да.
Улуу кыргыз эл менен.
Бабам Манас жердеген.
Канча душман келсе да,
Ар намысын бербеген.
Айланайын кең мекен.
Жүрөк туйлайт сен десем.
Уулуу чөлгө айлансаң,
Кайда көчүп, мен кетем.
Эч коркпостон кыргыз элдин каарынан.
Аракетте чет элине жагынам.
Ата мекен садагага чабылып,
Байлык артык болгон кези баарынан.
Нысапсыздар качан, кайдан келишкен.
Жан дүйнөсү соолуп калган неликтен.
Кыргыз элин сыйкырчыдай арбашып,
Күндөр кетет убадага эмгизген.
Же кудайдын биз каарына калдыкпы.
Эне тилди, салтыбызды чандыкпы.
Жыйрма жылы жолубуздан адашып,
Кузгундарды капыс шайлап алдыкпы.
Алар кантип мекенсиздер болушкан.
Оо Ала тоо көздөрүңдөн агат кан.
Уулдарың сатып улуу атыңды,
Ата мекен турат бүгүн оорукчан.
Кабыланбек Балкыбеков
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ