“Кыргызстандын Унгар-Тоосун басып кирип, кыргыздын 4 жаранын камап салган өзбек милиционерлерин тезинен кармап, камап салыш керек жана биздин 4 жаранды чыгармайынча аларды да кармап олтура бериш керек”, – деди КГБнын отставкадагы полковниги Талант Разаков кечээ НТС телеканалына интервью берип жатып.
“Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугуна гарант болуш керек. Биздин 4 жаранды мыйзамсыз камап алганы үчүн ошол жердеги баардык өзбек милиционерлерин кармап, камап салыш керек. Өзбекстан биздин, Кыргызстандын Конституциялык территориалдык бүтүндүгүнө шек келтирип, кыргыз жерине басып кирди. Биздин бийлик эч чечкиндүү чара көрө албай олтурат”, – деди полковник Талант Разаков.
Маалымат: Талант Разаков эсил кайран СССРдин КГБсынан бери коопсуздук кызматында көп жылдыр иштеп келген чекист.
Булак: НТС
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ