1-мартта КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылганы баарына белгилүү. Аалы Токомбаев көчөсүнөн кымбат баалуу Range Rover автоунаасы жолдон чыгып кетип, столбаны сүзгөн болчу. Дароо эле ошол учурда күбөлөр «тез жардамды» чакырышып, эбегейсиз жакшылык кылышып, бир адамдын өмүрүн сактап калышканы эсибизде. Дарыгерлердин айтуусунда, Илим мырзанын жүрөгү токтоп, кайра жандандыруу аркылуу өмүрүн сакташканы да ММКларга тараган. Бир Кудай сактап, аман калды… Ал эми соңку убактагы бизге жеткен маалыматтар боюнча, бир суроо туулуп атат. Илим Майрамбекович, ошол кырсык болгон учурда машинеңизде өтө чоң суммадагы акча болгону, анан жоголгону, аныгында, сиз куткаруучу балдарды күч органдары аркылуу коркутуп атканыңыз ыраспы? Ушул боюнча жообуңуз болсо, гезиттин кийинки санына жарыялап коёлу.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ