Мурдагы премьер-министр, Атамбаев бийлигинин эрке баласы, сары балашка Сапар Исаковду кечээ сотко сүйрөп алып келишти. Бирок сот залына кирүүдөн баш тартып конвойлордун комнатасынан чыкпай койду. Бирок түштөн кийин эсине келдиби, же эртеңкисин ойлодубу айтор сот залына кирип, көрсөтмө бере турган болду. Ал өз сөзүндө “Мен келбей сизге жардам берейин дегем. Себеби сотко келбей жаткан, коэффицентти туура эмес эсептеген күбөлөрдү алып келишсин. Мени бир күндө кыйнап алып келдиңер. Аларды бир айдан бери алып келе албай жатасыңар” – деди. Эске сала кетсек буга чейинки сотторго эч кандай каршылык көрсөтпөй эле, шыпылдап келип жүргөн бала. Өткөн аптада эле жылан чакпай, жылкы теппей, сотко келүүдөн баш тартып жатып алса болобу? Кыргызда аганы көрүп ини өсөт деп койчу беле? Алмаз агасын туурап жатабы? Атамбаев ким да, Исаков ким?
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ