Menu

Жолборс Жоробеков, профессор: Жубайлар Мамат Сабыров менен Динара Бейшеналиеванын түбөлүктүү китептери

Бөлүшүү:

Мамат Сабыровдун ар бир аңгеме, повестин окуган сайын дайым эле бир пикиримди айтсам деп өрөпкүп алам да, анан эле көртирликтин арты менен эстен чыгып кетет, же майда-барат күнүмдүк нерселер менен  алек болуп, убакыт-сааты чыкпай жүрдү эле. Бир күнү эле жубайы Динара Бейшеналиеванын “Алтын таажы” деген ыманы ысык китеби чыгып калды. Аны окуганымдан кийин “кой эми, мен мыкчегер  аналитик сынчы болбосом да окурман катарында бул эки чыгармачыл адамдын эмгектерине учкай эле чөп башылап, өз пикиримди билдирейин” деп чечтим.

Сөз башында эле белгилеп койчу нерсе, Маматтын “Жол”, “Балалыктын теректери”, “Дублер палван”, “Арзыкан”, “Көкөй кести”  жана Динаранын “Кызыл алма”, “Турна бийи”, “Өлүп тирилген кыз”, анан мынабул жаңы чыккан “Алтын таажы” китептеринин кимисин колго алып, кайсы аңгемесин, же Динаранын кайсы ырын окубайын, Ноокат жыттанып турганына таңкалам.

Айталы, биздин муун Мурза Гапаровдун кайталангыс ширин, мааниси өтө терең, кулакка музыкадай угумдуу чакан-чакан чыгармаларын окуп өстүк. Ошондон уламбы, мен, Абдиламит Матисаков, Абдыкерим Муратов, Абдимухтар Абилов, Тойчубай Субанбеков, Мамат Сабыров жазган кандай материал болбосун авторун карабай туруп эле, бир барагын окуганда эле  жазбай тааныйм. Бул Мурза акадан келаткан өзүнчө агымбы, же Ноокаттын табият берген белегиби, муну бир Кудай билет. Бул катардан караганда Камбар аке Бобулов башкачараак, ал кишиде өкүмдүүлүк, баатырдык мүнөз бар эле. Ал киши да кайталангыс образы, өзүнүн жазма стили менен тарыхта калды.

Эми сөз Мамат менен Динаранын китептери жөнүндө болуп жаткандан кийин алардын жалпы дагы бир окшоштуктарын белгилебей өтүш мүмкүн эмес. Адатта чогуу жашаган жубайлар улам жыл өткөн сайын бири-бирине окшошуп калат деген калыптанып калган ой бар эмеспи. Чындыгында эле ошондой экенине ынанасың. Маматты мен өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери билем. Ошо мен таанышканда эле ушундай кичипейил, көп сүйлөбөгөн, алдастап тиги-буга чуркай бербеген, өтө жупуну, бой көтөрбөгөн, чоң-кичинеге бирдей мамиле жасаган жигит эле, дале ошондой. Өзүнүн мүнөзү кандай болсо, ал ачып берген образдары да ошондой. Ал эми Динаранын жазган публицистикаларындабы, же аңгеме-ырларындабы, ошо Маматтыкындай экспрессивдүү (экспрессионизм эмес) так, даана, айтайын деген ою ачык, окуган адамдын сезимин бир козгобой өтпөйт. Айталы, кыздарына:

Доолашпагын, дос тапкын, кас болбогун,

Бирөөнү алдап, калп сүйлөй пас болбогун.

Дөөмөт келсе улук бол, жаш болбогун.

Дөөлөт келсе, май басып, мас болбогун, – десе,

уулдарына:

Жигит болгун, кызга окшоп сыланбагын,

Башыңды ийип, бирөөдөн суранбагын.

Сөз сүйлөсөң, ашырбай, өлчөп, кына

Пайда, зыян тартканда досту сына… – дейт.

Ал эми китептин бир бөлүгү поэмаларды өзүнө сиңире алган кичинекей, бирок чоң үч саптардан турат экен. “Кыргыздын мырзасына” деген үч сапта:

“Кул базар” турса кулкулдап,

“Кыз базар” турса кылкылдап,

Жүрөсүң кантип жылтылдап? – дейт .

Же “Жапырак” деген үч сапта:

Кышта тоңуп калбайын деп ыр ичтим.

Күздө үзүлүп түшпөйүн деп нур үздүм.

Күүгүмдөрдөн Күн көтөргөн ыр үздүм….

Ыр менен жашап, ыр менен жанын сактап, күүгүмдөрдө Күн көтөргөн акын гана бүтүндөй бир өмүрдү үч  сапка, үч сапты бир өмүргө  сыйдыра алары анык. Мен чындыгында поэзиянын билерман талдоочусу эмесмин. Алар бул саптардын поэтикалык нарк-насилин кандай сындайт билбейм, бирок, мага катардагы окурмандын жүрөгүнүн толтосуна жеткендей эле сезим калтырды. Мындай ыр саптары  көрүнгөндүн эле акылына келе бербейт, келсе да мындай кылып кагазга түшүрө албайт.

“Алтын таажыдагы” дагы бир өзгөчөлүк – мурда-кийин айтыла элек улуу акыйкат жолунун ыр-нөшөрүнө айланышы. Ошол акыйкатты ырдаган, түбөлүктүүлүктү, карандай кара турмушту ырдаган китептин бетачары болгон “Алтын таажы” поэмасы кара сөз менен башталып, анан ырга өтүп, кайрадан кара сөз болуп, баш көтөрбөй окуганга мажбур болгонуңду өзүң да билбей каласың.

Андан ары “Апа, бар болгун”, “Жердин үнү, “Жигиттин арманы”, “Мектебим”, “Тоолор” деген сыяктуу ырлары ошол теманы поэтикалык жактан толуктап, салмагын арттырат. Динаранын ар бир ыры жүрөккө жетет. Ар бир ырынын, же айрым бир куплетинин эле тегерегинде аны чечмелеп, ар тарабынан карап, сөз улагың келет, бирок, ага гезит бети чектелүү. Бул китепти колго калем алып, жеке окуп чыгыш гана керек. Жөн гана окубай, автор менен  бирге ойлонуп, толгонуп окуш керек.

Мен өзүм саясый процесстерди изилдеген адам болсом да Динаранын жолдошу Маматка арнаган “Эки жүрөк” деген материалында коомдогу аялдын ролун эки сүйлөм менен ушунчалык так бергени таң калтырды. Мына сиз да кулак салыңыз окурман: “Мен кай жагынан алып караба бу кишиден (Маматтан – Ж.Ж.) төмөн турам. Ойлоп көрсөм, бул менин бактым экен. Эгер мен өзүмдү бул кишиден күчтүү деп эсептеп калсам, таянарга тоо таппай, жөлөк таппай алып-учуп кетсем керек эле. Аял кишинин үлкөн жөлөгү болушу керек” .

Бул деген Ноокатын паам-парасаттуу келининин гана ыймандай сыры эмес, кыргыздын нарк-насили менен тарбияланган, аны өз боюна сиңирген, азыркы ааламдашкан заманда аны жоготпой сактап калган кыргыз эненин сөзү деп билиш керек. Ушундан улам Маркстын кыздары андан “Аялдын бактысы эмнеде?” деп сураса, “анын алсыздыгында” деп жооп бергени эске түшөт.

Динаранын Маматка арналган ыр түрмөгүнүн акыркы саптарын бул жердеги    ойлордун  квинтэссенциясы катарында кабыл алдым.

…Жети нурдай – көрүнбөсүм,

Жер чайпалса төгүлбөсүм.

Абага окшош – билинбесим,

Ааламга окшоп жүгүрбөсүм.

Ак ыргытат ташка дагы,

Адамдардан түңүлбөсүм.

Жети нурдай – көрүнбөсүм

Жер чайпалса төгүлбөсүм…

Мамат жөнүндө Динаранын айткандарына, мына чейрек кылымдан бери Маматты ар кандай кырдаалдарда байкап, бир сүйлөм жазса да окуп жүргөн мен туптууралыгына ишенем. Айрыкча ал жазган чыгармаларындагы каармандар бизге тааныш, жаныңда жүргөн эле адамдар. Болбосо айылдаш, классташ, жердеш тааныш ысымдар. Булардын баардыгын биз көрсөк да Мамат көргөндөй көрүп, Мамат жазгандай жаза албайбыз. Ал үчүн биз да Маматтай ой жүгүртүшүбүз, Маматтай байкап, көрө билишибиз керек.

Эми бул жубайлардын жазган китептери жөнүндө чөп башылап айтып жатып чорт этип ойлорум үзүлүп, кайра аларды топтоп, башкачараак баштап, айтарымдын жарымын да кагазга түшүрө албай, булардын айрым сүйлөмдөрүнүн, же бир куплет ырынын эле тегерегинде сөз кыла бергим келип буйдаланып атып акыркы чекит коюшка жакындап, аны Динаранын жазганы менен тамамдасам дейм. “Мен анын (Маматтын – Ж.Ж) кандай болсо  ошондой турган турпатын, ар бир кадамын, ар бир чыгармасын, ар бир баласын жакшы көрөм. Уулдарым атасына окшош. Кара кылды как жарган калыстыгы да окшош. Ал мени жетелейт балдарына кошуп…”

Ушул шилтемде берилген сөздөрдүн маанисинде Мамат менен Динаранын адамдык, инсандык, үй-бүлөлүк чыгармачылык портретин  көрүп турам. Мындан башкачараак айта албайсың го…

Булар али жаш, буюрса кыргыз элин дагы ыманы ысык чыгармалары менен   көп жолу кубандырат деген  терең ишеним бар. Чыгармачылык сапарыңар байсалдуу жана узак болсун!

Жолборс Жоробеков, философия илиминин кандидаты, саясат таануу илиминин доктору, профессор

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: