Ички иштер министринин орунбасары Данияр Абдыкаров мырзанын дарегине акыркы бир жылда бир топ олуттуу сын-пикирлер айтылып келет. Ага карата айтылган айыптоолорго көңүл бурбай коюу мүмкүн эмес. Бирок ошол эле учурда бул маселеге бийлик дагы, Абдыкаров өзү да ак же көк деп жооп берип койгон жок. Мындай туңгуюк маселе коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бүдөмүк ойлорго алып келүүдө.
Эмне үчүн Абдыкаров өз чындыгын айтып чыкпайт? Анын корккону эмне? Анын дарегине айтылган айыптоолордун бардыгы кесиптештери тарабынан даярдалып жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Акыры бул жерде бир чындыктын бети ачылышы керек да. Балким Данияр Абдыкаров ИИМдин ичинде тазалоо иштерин жүргүзүп, зөөкүр чалыш, коррупционер милициялардан тазалап жаткандыр. Тазалыкты баарыбыз эле туура кабыл албайбыз да. Эмне себептен Данияр мырза жасап жаткан иштерин ачык көрсөтө албайт? Ким тоскоол болуп жатат? Эгер макул болсо, бизде топтолуп калган суроолорго жооп алууга даярбыз. Эгер ал азыр өз чындыгын айта албаса анда качан айтат? Иштен алынгандабы? Анда анын пайдасы эмне? Ишсиз калган бир бечаранын таарынычы болуп калат да…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ