Эмнегедир Кремль кыргыз бийлигине артын салганда эле “слабый звено” болгон байкуш мигранттарыбыздын эле ансыз деле оор абалы ого бетер кыйындап, шору шорподой кайнап калат. Жакында Москва мэри С.Собянин кыргыз мигранттары тууралуу терс пикирин айткандан кийин шылтоо таппай турган жергиликтуу полиция кыргызстандыктарга фашисттердей эле жырткычтык мамиле жасай башташты. 9-декабрда Москвада иштеген кыргыз эмгек мигранттары Москва полициясынын кысымдарына, пара талап кылгандыгына, ар кандай кордоолоруна нааразы болуп, алардын укугун коргоону талап кылып Россиядагы Кыргызстандын элчилигине арызданып барышкан. Анда элчиликтин бир нече кызматкерлери менен жолугушуу болгон. Бирок элчиликтин кызматкерлери полиция чакырып, бир нече эмгек мигрантын полициянын колуна салып берген. Эми өзүн эмес, ошол көрбөгөн азапты көруп тапкан акчасы менен’ мамлекетти да кошо багып жаткан мигранттарыбыздын Москва полициясынан көргөн кордугу аз беле? Деги элчилик деген гана аты бар бул дипломатиялык мекеменин кереги барбы же жокпу? Ошол ит азапты көрүп жүргөн бир миллионго жакын кыргыз жаштары Кыргызстанга келсе эмне болот? Деги кыш да кетип, жаз келерин кыргыз бийлиги ойлойбу деги…
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ