Menu

Латын алфавитине өтүү заман талабыбы?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча демилге эгемендик алган жылдардан бери эле байма-бай көтөрүлүп келаткан темалардын бири. Акыркы жылдарда бул демилге кайрадан кызуу талкууга түшүп, дүйнөлөшүү мезгилинде латын тамгасына өтүү мезгил талабына айланганы айтыла баштады. Биз бул боюнча сураамжылоо кылып, аар кыд пикирлерди уктук.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчы:

– 90-жылдардан бери латын тамгасына өтүү боюнча демилге көтөрүп келе жатам. Эч ким кирилл жазмасына тыюу салбайт, бирок аны латын, араб алфавитинин кыргызча варианттарына шайкеш келтирүү абзел. Азыркы максат латын алфавитин тез арада тартипке салуу керек. Ал эми бул иш көп чыгымга учуратат деген пикирлерге айтаарым, виртуалдык маселелерди тактоодо, мисалы, “Ж тамгасын мындай жазалы, Ч тамгасын мындай жазалы” деген чечимди кабыл алууда ага чака тыйын да кетпейт. Биз эң башында ушундай маселелерди чечип алышыбыз керек. Кыргыз өкмөтү алгач өзүнүн алфавитин тактап алса эле дүйнөдөгү кыргыздар кааласак да, каалабасак да эгемен мамлекетте тастыкталган тамга менен Интернет барактарын, китептерин чыгара баштайт. Алар бизден бир тыйын сурабайт.

Азамат Акенеев, экономист:

— Бул демилге бул жерде жакшыбы же жокпу деген суроо жок. Маселе латын тамгасына өтүү Кыргызстанга канчалык пайдалуу жана кеткен чыгымдарды канчалык деңгээлде актай турганында. Бул биздин бюджет көтөрө албаган чыгымдарды талап кылат деп айтсам болот – мектеп окуучулары үчүн чыгарылган китептерди эле латын тамгасы менен басып чыгууга канча каражат керектелет, ал эми адабий жана техникалык китептерди айтпай эле коеюн. Бизде азыр деле кыргыз тилинде басылып чыккан жаңы китептер жок. Мамлекеттик тилде сүйлөгөндөрдүн маалымат алуу булактары чектелген. Биз илимий-техникалык өнүгүү, изилдөөлөр тууралуу китептерди кыргызчага которуп басып чыгара албай жатабыз. Башкача айтканда, азыр кыргыз тилиндеги колдонулуп жаткан китептердин баары өз убагында башка тилдерден которулган. Латын алфавитин киргизе турган болсок, бул китептер дагы жок болот. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда жаңы адабият басылбайт. Буга мамлекетте каражат жок.

Өмүрбек Абдрахманов, саясатчы:

– Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн 90 пайызы латын тамгасын пайдаланат. Дүйнөнүн негизги тили болуп англис тили эсептелет, англис тили – латын тамгасы. Дүйнөдөгү технологиянын жана илимдин жетишкендиктери биринчи ирээтте англис тилинде, латын алфавити менен чыгат. Латын тамгасын жана англис тилин билсең дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө сүйлөшө аласың. Өткөн кылымдын 20-жылдарында Туркияга Кемал Ататүрк араб тамгасынын ордуна латын тамгасын киргизген. Ошондон баштап түрктөрдүн кайра жаралуусу башталган. Коңшу түрк тилдүү мамлекеттердин баары латын тамгасына өтүштү. Эгер аракет кылсак тамга менен кошо илим-билим, маданият жана өнүгүү келет. Япония өз тамгасын пайдаланат. Бирок латын тамгасы да кенен
колдонулат. Мисалы, азыр Япониядан келген автомашиналар Кыргызстанда өтө көп. Ал машиналардын аталышы япон тамгасы менен эмес латын тамгасы менен жазылган. Япониядагы машиналардын баардыгында, башка техника жана технологияларда латын тамгасы пайдаланат… Эң негизгиси, Кыргызстан 1922-жылдан 1941-жылга чейин латын тамгасын пайдаланган. Биздин үйдө латын тамгасы менен чыккан кыргыз китептери бар. Согуштун алдында гана Москва кириллицаны киргизген…

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты:

– Мен латын тамгасына өтүүнү колдойм. Бирок буга каражат керек. Бул иш менен Кыргызстан бир катар социалдык-экономикалык маселелерин чечип алгандан кийин алек болсок болот деп ойлойм.

Гульмира Шаршеева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: