Премьер-министр Кубатбек Боронов жеке медициналык борборлордун жана лабораториялардын дарыгерлерине кайрылып, жарандарга акысыз кеп-кеңеш берүүгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Кубатбек Боронов жеке менчик лабораториялардын жана клиникалардын жетекчилерине кайрылып, баарын кызматташууга чакырды.
“Элдин паникасын токтотуп, жардамга муктаж болгон жаранга арга табууга салымыңыздарды кошуңуздар. Атайын штабдын чечими менен сиздерге анализ жүргүзүүгө, консультация берүүгө, дарылоого, толук кандуу медициналык жардам көрсөтүүгө уруксат берилген. Эл бар үчүн сиздердин да бизнесиңиздер жүрүп жатат. Азыр четте карап турчу заман эмес, элди аман алып калуу үчүн бардыгыбыз биригишибиз зарыл. Көпчүлүк жарандарыбыз жардамга муктаж болуп жатат. Биз сиздерден бейтаптарга кеңеш берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Мүмкүнчүлүк болсо дарылоо жагынан жардам берсеңиздер биз абдан кубанат элек” – деп билдирди премьер-министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ