КСДП фракциясында Мурадыл Мадеминов деген «чуу куйрук» депутат бар. Мунун ашкан кошоматчы экенин парламенттин жыйындар залынан Өмүрбек Текебаев тастыктап, атургай экөө кармаша кетишкен. Алына жараша жүрбөгөн Мурадыл кызырандай барып, Текебаевдин астына талпак сымал жатып калган. Анан көпчүлүк ажыратып койгонун көрдүк го! Дал ушул Мадеминов КСДПнын кадырын түшүрүп жүргөнү, билими тайкы экени, болгону чоңдорго «шестёркалык» кызматын аракалаганы жалганбы? А мыйзам жазуу мунун акылына келмек беле? Баса, КСДП фракциясы өткөн жылдын сентябрь айынан декабрына чейин он бир жыйын өткөрсө, ошонун жетисине Мурадыл катышпай коюптур. Бул эргул эл өкүлү катары жоопкерчилигин билбейт окшойт. Жеке иштери менен коммерциясын кылсын, же татыктуу депутат катары өз миссиясын аткарбайбы? Ай ата, буга окшогон немеде кайдагы татыктуулук? Мындай калчылдактарды капкачан эле Жогорку Кеңештен кууп жибериш керек болчу!
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ