Menu

Генпрокуратура “Ынтымак” паркынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура “Ынтымак” паркынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, көзөмөлдөөчү орган тарабынан “Ынтымак” сейил багынын ачылышы үчүн Бишкек мэриясы тарабынан бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын жана чыгымдалышынын мыйзамдуулугу текшерилген.

Ошентип, 2019-2020-жылдары Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери долбоордук-сметалык документтеринин мамлекеттик экспертизасынын оң корутундусусуз, сейил бакты жакшыртуу боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүшкөн.

Көзкарандысыз эксперттер аткарылган иштердин, анын ичинде сугат тутумдары, жол бордюрун орнотуу, дааратканаларды жайгаштыруу үчүн жайларды камсыздоо боюнча контролдук өлчөө жүргүзүштү. Натыйжада, айрым аткарылган жумуштардын көлөмү жана баасы олуттуу түрдө көтөрүлгөнү аныкталды.

Ошондой эле, сейил бакта коомдук объектилерди куруу боюнча иштерди жүргүзүү боюнча келишимди түзүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. 

24-ноябрда Башкы прокуратура чогултулган материалдарды КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Коомдук аукциондорду өткөрүү тартибин бузуу”) жана 320-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча каттады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: