Бир акын айткандай «Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат» – деген көйгөйдү Кыргызстан ар жылы башынан арылта албай келет. Ар жылы кычыраган кышта жылуулук тармагыбыз көмүр жетишсиздигинен улам олчойгон чыгымга учурап, ошонун арты менен ал жактын чиновниктери жыргап келишет. Быйыл да Жылуулук энергия борборуна (ТЕЦке) көмүр ташуу кечеңдеп жатат. Негизги жүйөө көмүргө болгон тендер жарыялана электигинде. Ал эми кыш улам жакындоодо. Көмүрдү ушу тапта сатып алса кыйла арзан болоорун баарыбыз эле билебиз, бирок, ар кандай шылтоо менен тиешелүү органдар жыргап олтурат. Эртең эле кыш келет, анан коңшу казак элинен көмүр сатып алууга ашыгып башташат, болбогон шылтоо менен. Ортодон олчойгон акчага туйтунуп. Булар жаалыкпаган немелер экен го.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ