Menu

КР Башкы прокуратурасы Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү уурулуктар боюнча кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-июлда КР Башкы прокуратурасы КР Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөлөрдөгү мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогону тууралу маалымат таратты.

Башкы прокуратура Улуттук тарых музейин оңдоп -түзөө боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 189-Аукцион, тендер, ачык соода өткөрүү тартиптерин бузуу, 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу , 306-мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу, келишим түзүү, 308-бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу, 221-коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу бернелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча оңдоп-түзөөгө жумшалган айрым материалдар Кыргызстанда бар жана арзан экенине карабай Германиядан өтө кымбат бааларда сатылыып алынып турган.

КР Курулуш жана архитектура агенттиги жеке менчик “СМУ-3”  ЖЧКсы менен Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө жана жабдыктарды орнотууга эч кандай конкурс өткөрбөй туруп эле 1,6 миллиард сомго келишим түзгөн, анын ичинен 1,5 миллиард сомду ЖЧКнын эсебине которуп берген.

Эч кандай келишими жок эле туруп, КР Курулуш жана архитектура агенттигинин департаменти курулуш фирмасы “СМУ-3”  жана немецтик компания менен  музейге 870 млн сомго жабдыктарды жеткирүүгө келишим түзгөн.

Натыйжада музейдин концепциясында каралбаган 55,5 млн сомдук жабдыктар мыйзамсыз сатып алынып келинген.

23,8 млн сомго Германиядан алынып келген кафетерийдин жабдыктары эрежелерге каршы тарыхый экспонаттар менен бир имаратта жайгаштырылган жана иш жүзүндө пайдаланылбай эле турат.

КР Эсеп палатасынын актысы боюнча “СМУ-3” ЖЧКСы жасаган иштеринин баасын 20 млн сомго ашык кошумча жазып алган. Жалпысынан Курулуш жан архитектура агенттигинин департаменти менен “СМУ-3” ЖЧКсы мамлекетке 118 млн сом зыян келтиришкен.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: