12-майда оппозициялык маанайдагы Өзбекстан улуттук кыймылынын активисти Фахриддин Тилляев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Өлкөнүн ичинде жана сыртында мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенген активист 2014-жылы «адам сатууга» айыпталып 11 жылга соттолгон.
Фахриддин Тилляев Жогорку соттун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын айтты. «Мага абактан чыга турганымды айтышып, соттун чечимин көрсөтүштү. Тиешелүү документтерге кол койгондон кийин эркиндикке чыктым», – деди ал.
2014-жылы мартта Ташкенттеги райондук сот Фахриддин Тилляевди 10 жыл 8 айга, аны менен бирге соттолгон укук коргоочу Нуриддин Жуманиязовду 8 жыл 3 айга эркинен ажыраткан. Сот экөөнү тең адам сатууга күнөөлүү деп тапкан. 2016-жылы декабрда Нуриддин Жуманиязов абакта каза болгон.
Кесиптештери Тилляевге тагылган айыптар ойдон чыгарылганын билдирип, ал саясий ишмердүүлүгү үчүн жазаланганын айтып келишет. Эл аралык укук коргоо уюмдары ал түрмөдө катаал кыйноолорго кабылганын билдиришкен.
– Мени сотко чейин кыйнашкан. Андан кийин мындай аракеттер абакта дагы уланды. Мисалы, тырмактарымдын алдына ийне сайып, суукта жылаңачтап сыртка чыгарып, башыман ылдый суздак суу куюшчу. Мен абакта өткөргөн күндөрүмө өкүнөм. Анткени алар эркиндигим менен кошо мени бардык нерседен ажыратышты…, – деди Тилляев абактан чыккандан кийин.
Ал мындан ары дагы укук коргоочулук менен алектене турганын айтты. «Мен өз уюмумда ишимди улантууну каалайм. Динге ишенгендердин, адилетсиз соттолгондордун укуктарын коргоп, сотторго катышкым келет», — деди укук коргоочу.
Камалганга чейин Фахриддин Тилляев менен Нуриддин Жуманиязов көз карандысыз мандикерлер кесиптик кошуунун түзүп, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенишкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ