Menu

Чолпон Султанбекова Премьер-министрдин атынан маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республкиасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Иш чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ар бир жарандын жашоосунда улуттук маданияттын орду өзгөчө маанилүү экендигин  баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун атынын маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Маданият аркылуу гана элдин асыл-нарк дөөлөттөрү сакталып турат. Көчмөн кыргыз маданияты азыркы күндө да өз актуалдуулугун жоготпостон, дүйнөлүк мурастын бир канаты катары жашап келет. Өлкөбүздө салттуу түрдө өткөрүлүп жаткан Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин атын ааламга даңазалап чыгарды. Бул ири масштабдуу эл аралык иш-чараларда дүйнөгө көчмөндөр рухун жайылтууда кыргыз маданиятынын ишмерлеринин салымы эбегейсиз зор болгондугун баса белгилеп кетем. Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын брендине айланды деп сыймык менен ишенимдүү айта алабыз. Маданият өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын ажырагыс бөлүгү жана негизги стратегиялык багыттарынын бири болуп эсептелет. Бул максаттарыбыздын эң приоритеттүү багыты бул – маданиятыбыз менен тарыхыбызды мамлекеттик колдоого алуу болуп саналат. Өкмөттүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасында «Маданияттуу гүлдөгөн Кыргызстан» маданиятты өнүктүрүү программасы камтылган. Ага  ылайык жыл сайын аймактык жана улуттук иш чаралар уюштурулуп турмакчы»,- деп жазылат Премьер-министрдин куттуктоосунда.

Чолпон Султанбекова белгилегендей, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү максатында Саймалуу-Таш, Сафид-Булан, Бурана сыяктуу археологиялык эстеликтерге республикалык бюджеттен каражат бөлүндү. Учурда мамлекеттик тарых музейи реконструкцияланууда.

Вице-премьер-министр маданият кызматкерлерине  бекем ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: