Menu

Банк жабдууларын салыктан бошотуу мөөнөтүн дагы 3 жылга узартуу демилгеси сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети өлкө аймагына алынып келинген банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотууга багытталган «КР Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Улуттук банктын берген маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, Кыргызстандын аймагына банктар тарабынан алынып келинген POS-терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары, банк киоскилери сындуу жабдуулар кошумча нарк салыгынан бошотулган, бирок анын мөөнөтү аяктоодо. Ошондон улам, анын мөөнтүн 3 жылга узартуу демилгеси сунушталууда.

Андан тышкары, ушу тапта маяналар менен пенсияларды банк аркылуу төлөө чечими кабыл алынганына карабастан, элет жергесинде мындай банк жабдуулары жетишсиз болгондуктан, жарандарыбыз узак жол басып райондун борборлоруна барууга аргасыз. Алардын мындай көйгөйүн ар айылда банкоматтарды орнотуу чаралары аркылуу чечүү жолу сунушталууда. Мындай демилге 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясынын «Таза коом» долбоорунда да камтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: