Menu

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин тергөө соңуна чыкты. Иштин бир бөлүгү жашыруун сыр катары аталды

Бөлүшүү:

7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш аягына чыкты. Бул иш боюнча А.Атамбаев башында турган 12 киши айыпталууда. Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып коюлууда:

бийликти күч менен басып алууга аракет;

кылмышты уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу – мамлекетке шарт коюу менен кишилерди барымтага алуу;

массалык башаламандыкты уюштуруу;

атайын топ менен сүйлөшүп алып, курал-жарак менен ок-дарыларды тартып алууну уюштуруу;

күч органдарына карата өмүрүнө коркунуч туудурган абалды түзүү;

тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып, сотко чейинки өндүрүштү алып барууга каршы туруу;

бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуп, өмүрлөрү менен ден-соолуктарына коркунуч туудуруу;

киши өлтүрүү.

Бул айыптар мурдагы президенттин оң колу болгон Кундуз Жолдубаевага да коюлган, ал бул боюнча: “Тергөө менин бул кылмыштарды кылганыма жетиштүү далилдер бар деп жатат. Абсурд эмей эмине?” – деди.

Иштин кээ бир бөлүгү жашыруун сыр катары аталды, демек соттук териштирүү да жабык эшик артында өтөт.

Айып коюлган 12 кишинин ичинен экөөсү – атамбаевдик элдик штабдын башчысы Кыяс Смаилов менен “Дан” мамишканасынын мурдагы жетекчиси Алга Кылычев тергөө менен кызматташкандыгы үчүн алардын иштери өзүнчө өндүрүшкө алынган. Демек, алар боюнча соттук териштүү да өзүнчө болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: