Menu

Дүйшөн Керимовдон Үлкөндөргө үч собол

Бөлүшүү:

(Уландысы. Башы өткөн санда)

2. Жообу жоокалатма «жомок» капар кимге зарыл?

Кыргыз Республикасынын премьер -министри Мухамметкалый Абылгазиевге собол кат

Урматтуу өкмөт башчы, казак-кыргызга орток классик жазуучу Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атадагы үй-музейинин аргасыз акыбалы жөнүндө («Азия Ньюс» 09.08. 2018) өзүңүзгө жолдогон кайрылуу катка бир ай аралыгында бир эмес беш (!) жооп кат келгенин, адегенде «ээ катыгүн, эгемендик алган 27 жылда басма сөзгө далай сын-пикирлүү кат, кайрылуу, макала жазып, жарыяласам да эч үндөбөгөн «дудук» бийликке кудай жалгап тил бүтүп, Мукан иним музду эритип, тоң кыртышты кыймылдата баштаган экен да» деп бир кубансам, кайра кошуна почточу орус байбиче улам алып келип берген каттарды ачып окуган сайын ысыган боюм муздап, «каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң» деп өзүмдү өзүм жемелеп, «ушундан көрө ушул «жансыз» каттар келбей эле койсо эмне, атаңдынгөрү дүнүйө…» дегендей кейиштүү абалга кайрадан түпгүп калгандагы трагедиямды сизге билдиргим келет.

Трагедия дебегенде не дейм? А балким мен кембагалдын ишенчээк үмүтү таш каап, мурдагы кайрылуу кат, азыркы соболдуу кат да сизге жетип, окууруңуз күмөндүр. Ошондой болсо да беш катка «правительственное» деген бакыйган эн белги менен эркеч болуп келген өкмөт каттан баштап, андагылардын ток этеринен үзүндү-цитаталарды кайрадан өкмөттүн өзүнө багыштап жөнөтүүгө аргасызмын:

1. «…Сиздин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына келип түшкөн кайрылууңуз 29.08.2018-жылы ЛП-К-3175 номери менен каттоого алынып, тиешелүүлүгүнө жараша кароого жана жооп берүүгө төмөндөгү мамлекеттик органдарга жиберилди: маданият жана туризм министрлигине КРӨ Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө (КР өкмөтүнүн аппаратынын каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору)

2. «…Ысык-Көл обулусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Мухтар Ауэзов атындагы үй-музей Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациянын 1995-жылдагы №15 токтомунун негизинде «Кыргызтелеком» ААКнын Чолпон-Ата шаарындагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, аталган мекеме аркылуу каржыланат. (КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Секимов)

3. «…Азыркы убакытта ААК «Кыргызтелеком» М.Ауэзов атындагы китепкананы толук кандуу иштете албагандыгына байланыштуу жана телекомдун профили болбогондон кийин КР өкмөтүнүн билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү жагы сунушталды. Анткени М.Ауэзов атындагы китепкана толук кандуу колдонууга жана иштешке тийиш» (Башкармалыгынын башчысы А.И.Асылбеков)

4. «…Азыркы учуда Табышов Саламат 2000 сом кароолчунун штатында жана китепканачы, экскурсовод, жыйноочунун да милдетин аткарып келет. Китепкана-музейдин имараты жыгачтан салынган, сырткы келбети жана үйдүн дубалдары, терезелеринин эскилиги жеткендигине байланыштуу, музейдин имараты жана айланасы тосмолору инфраструктурасы капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү керектигин билдиребиз. (КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Э.В.Усенова)

5. Дал ушундай эле сөзмө сөз грамматикалык каталар коштогон көчүрмөдөгү жооп каттын ээси (КР Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Д.Б.Иманалиев).

Ушундай… Эч кандай конкреттүү жооп, жоопкерчилик, аткарылар иштен дайын жок, кайра мага «жомок» айткан жансыз каттар грамматикалык каталарына аралашып үстөлүмдө жатат. Жергиликтүү бийлик «Табышов Саламат» деп жазган адам жашы алтымыштан ашкан, образдуу айтканда кыргыздын бир сербейген аялзаты элибизге унутулгус үлкөн эмгек өтөп, улуу «Манас» менен улуу Айтматовдун сакталып, өсүп-өнүгүшүнө баатырдык салым кошкон асыл боорубуз Мухтар абабыздын арбагын урматтап, бийлик эптеген эки миң сом жалыйна үчүн эмес улуу адамгерчилик жана намыс үчүн канчалаган жылдардан бери бийлик өзү санагандай эскилиги жеткен үй-музейде китепканачы, экскурсовод, жыйноочу жана кароолчу милдетин аткарып келет.

Кыргыздын XXI кылымдагы кайран кадрлары, эй! Башка не дейли… Мейли эми, бул жоопсуз, жообу жолдо калар «жомок» жооп каттар да кезинде Нарын обкомунун 1-катчысы, айтылуу Матен Сыдыков абабыз сөөмөй кезеп айткандай, «пускай, андан ары архивдин караңгы бурчуна барып, ошол жакта саргайып тынч жата берсин…»

3. Жапайычылыктан арылууга болобу?

Бишкек шаар мэри Азиз Суракматовго собол кат

Урматтуу Азиз мырза, башкалаа башчылыгына шайланаар маалда, «байкуш Бишкектин багын ачаар бир баатыр табылбады го…» деген темадагы интервьюда кабарчынын сөз арасындагы «азыркы талапкерге алдын ала эле ичиңиз чыкпай атабы?» деген суроосуна мен «кеп береги XXI кылымдын прогресс доорунда, тээ XIX кылымдагы орус ак падышачылыгы ойлоп таап, таңуулаган кыргыз болуштуктарын шайлоо ыкмаларынан да жасалма көрсөтмөлүүлүктө же «шайтан» оюндарынын шуулдап, дал мамлекеттик борбордун өзүндө өтүп жатканында болуп жатпайбы… Анан да акылман Алмаз Кененбаев инибиз «мэр талапкери КСДП партиясынан» деп ишенимдүү, ары сыймыктануу менен айтып атат. Эй, КСДПнын авангарддары «адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» болуп, шордуу мамлекетти ого бетер сазга батыргандагы эрдиктери үчүн четинен камалып атса, анан кайдагы КСДПны айтат?! Кайдагы гарантиялуу келечекти айтат?! Мына «Абсурдстан» өлкөсү!..» деп «мөңкүп» жооп бергеним эсимде турат. Андагы жап-жалгыз талапкер А.Суракматовго канчалагандар каршы болгонун маалымат каражаттарынан окуп, угуп,”көргөнүм да эсте. Бирок узун сөздүн кыскасы, азил-чыны аралаш айтканда «багынабы же шорунабы…» айтор, саясый айдыңда анча эле белгисиз А.Суракматов депутаттардын адаттагыдай жапырт, шайма-шай шайлоосу менен көзгө басар калаанын бакыйган башчылык креслосуна отуруп калды. Болсун дейли… Ата-баба ыйык салтын улай, Азиз баатырга албетте биз да эми бекем ден соолук, эл-журт жоопкерчилигиндеги жетекчилик ишине ийгилик, үзүрлүү натыйжа, акжолтой сапар каалагандан башка кусаматыбыз да жок.

Азиз мырза, коңшу өзүбек элинде «шор пешене» деген өкүнүчтүү сөз маааниси бар. Алысты эмес эки жакты карасак, казак дүйнөлүк деңгээлдеги Астана калаасын салса, кечээ граждандык кармаштан чыккан тажик Душанбесин, чечендер бомбаланган Грозныйын жаркыратып оңдоп койду. Биз эмне, ошончо эле «шор пешене» кокуй элбизби? Башканы коюп, өзүм чейрек кылымга жуук туруктап, соңку он чакты жылдан бери канкакшап жазып да, айтып да келаткан борбордун төр жагы-түштүк дарбазасынан тарта «Асанбай», 12-кичирайон аймак абалынан үзүл-кесил мисал тарталычы…

Азиз иним, бир аз убакыт таап мени менен жөө кадамдап көрсөң же болбоду дегенде «бастым» деп элестете алсаң түштүк дарбазасындагы абасынын тазалыгына карай эс алуу күндөрү, шаардыктар быкпырдай жайнаган чек арачылардын калдайган паркында «ырымга» бир кеңири ажаткана жок. Бул көрүнүш жапайычылыкпы ?

Андан бериде жүз миңдеген шордуу кыргыздын сөөгү ач бел, куу жондо чачылган 1916-жылкы Үркүн алааматына арналып, эгемендикке жеткен жылдар оропарасында ырымдалып, кийинки жакшы тилек, жаркын максаттар үчүн угурумдук үргүлжү орнотулган моло таш алигиче молоюп, ары-бери өткөнү, бала, ит жетелегени деле тамеки тартып, чемичке чагып дегендей алаксый тынып отурар аянычтуу, айрым кеңкелестер шылдыңдагыдай ал-акыбалда үңкүйүп турат. Бул жапайычылыкпы?

Андан өйдөлөй бассак, кезинде Орто-Сайдын орток адырларына чейин жайкала өскөн бак-дарактуу массив бүгүн жоо чапкандай майкандалып, жалаң жыбыраган менчик үйлөр, кафе-ресторандар курулду жана курулуп да жатат. А бирок «сырты жалтырак, ичи калтырак» дегендей, араласаң акыр-чикирден көңүл айныйт. «Асанбайдын» тоо жак капталындагы кан жолду бойлогон жашыл тилкелерден дайын калбай ар ким каалашынча унаа токтотуучу, арыктан челектеп суу алып жууп, тазалоочу башаламан жайга айлантып тынды. Бул жапайычылыкпы?

Жолдор, аллеялар бүгүн жаңыртылса эртеси жарылып, бузулуп, болбосо өздөрү«тытратып» бузуп жатканын көрөсүң. Плансыздыктан желге учкан кайран акча! Бул жапайычылыкпы?

Ар түркүн утурумдук, убактылуу делип, тагыраагы, мэрия, акимчилик тарабынан дайыма калкаланып келген самсаалаган көрүнүштөгү майда дүкөндөр азайбай эле арбыгандын үстүндө. Маселен, «Асанбай» менен 12-кичирайонунун ортосундагы Нуркамал көчөсүнүн түштүк магистрал кан жолуна алпаруучу аллеяны тосуп алган жапайы базардан, дүкөн-күркөлөрдөн шыдыр басып өтүш кыйын. Анысы аз келгенсип ишемби, жекшембиде көчөнүн дээрлик жарымын бууп, азык-түлүк жарменкесин өткөрүү адатка айланды. Элге канчалык кыйынчылык, «тез жардам» унаасын мындай кой, жөнжай унаалар да буйдалып өтө албай, айтор, будуң-чаң, башаламан. Бул да жапайычылыкпы?

Кыргызстан азыр инфаркт, инсульт оорусу менен дагы алдыңкы орунга чыккандыгын окумуштуу дарыгерлер күн сайын эскертип, зээнди кейитет. Оорунун очогу барып-келип эле адамдагы стресс-капа, кайгы жана кир, ыпластык, башаламандык. Биз кантип ушинтип калдык? Кыргыз айлана-чөйрө, табият менен эриш-аркак турмуш кечирген, шар аккан тоо суусундай, көк жашыл айдыңындай таза, сыпаа, тартиптүү, айдарым желдей ачык-айрым, жүргөнү шайдоот, шайыр элдин урпагы элек го…

Азиз мырза, колдон келбес иш болсо бир жөн, дагы да маселен, паркка бир ажаткана куруу, «Үркүн» шейиттерине шаар элинин атынан арнап, ошол аймактагы «Ленинград блокадасы» эстелигиндей бир жаркыраган эстелик орнотуу, мүлдө баш калааны баскан акыр-чикирден, ыш-ыпластыктан арылтуу, таракандай жайнаган, көбүнүн шалдырканы чыккан коомдук транспортту ирилештирүү, убактылуу башаламан майда соода-түйүндөрүн, ээнбаш жарманкелерди атайылап бир жерге борборлоштуруу, кыскасы, жалпы кыргызды барды-келди багып-көрөрү, таянычы жана сыймыгы да болгон Бишкегибизди жөнөкөй эле маданияттуу көрүнүшкө жеткирүү ошончолук эле татаал ишпи?

Жана да айтарым, жарым ай мурдараак шаардын Октябрь райондук администрациясына барып мына ушундай маселелер боюнча өтүнүч, сунуштарымды айтсам, кара тору, шайдоот аким-башчы жигит адаттагыдай илгиртпей эле «байке, баарын жасайбыз!»депжооп берди. Кылдай иш жасалганы байкалдыбы? Жок. Баары баягы «ит ашы кара буламык» бойдон. А чынында мындай суу кечпеген жоопторду мен кембагал кеминде он жылдан бери жыл сайын же андан көбүрөөк узабаган жылдар аралыгында эле тез-тез алмашып турган акимдердин далайынан уктум, уккандан тажаганда айрымдар «жаңы мэр Азиз Суракматов унчукпай эле иш жасайт!» дегенден сизге кайрылдым…

Кезинде бийлик уруксат берип заңгырата стандарттуу курулган заманбап базар имараты дал ошол «Асанбайда» дээрлик бош турат. Эгер оңой чөнтөк кызыкчылыгына эмес, эл-журт жана борбор калаанын маданият кызыкчылыгын ойлогон бийлик болгондо тегеректеги башаламандыктардын баарын ушул базарга айдап кирип, башаламан бааны да, тумандаган салыкты да жөнгө салып койсо болот го… Албетте болмок, анүчүн Азиз иним, азыркы инкубатордон бир кылка чыккандай окшош, хордогудай «жасайбыз, аткарабыз!» дегенди оголе шыдыр айтып, бирок эч нерсе жасабаган, жасагысы да келбеген, баардык мүдөө талаптарын каран калган акчага гана айырбаштап алган, келечегин жалаң «жашыл байлардан» үмүт эткен, көпчүлүк убактысында айнек экранды жалдырап карап отурган, жаш десең жаш, келбеттүү, спорт мүчө айрым-айрым аким-чиновниктерди күндөн-күнгө дүркүрөп өсүп жаткан улуу коңшубуз Кытайдагыдай алтымыштан өткөндөгүлөргө, акын Шайлообек Дүйшеев байкебиздин кесирлүү ырындай же экс-президент Алмазбек Атамбаев текеберлене «акшакалдар» деп кекээрлеп шылдыңдаган курактагы кадрларга алмаштырып, «улуу эксперимент» жасап көрсөңөр кантет? Андай болгондо кайран Байдыкең «Бери жатың азайып, ары жатың көбөйдү…» дегендей карыя кадрлар ансыз да уктабай иш аткарып берер беле деген жаман ой. Бул эми арга кеткендеги кеп, азыркы бийликке «суу кечпес»сунуш…

Дүйшөн Керимов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: