Menu

Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери эки өлкө чек арасындагы карагайдын түбүн бекемдешти

Бөлүшүү:

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин демилитаризацияланган зонадагы демаркацияланган сызыкта тынчтыктын жана өнгүгүүнүн символу болгон кызыл карагайдын түбүн бекемдешти. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Бул кызыл карагай 1953-жылы өсүп баштаган: дал ошол мезгилде тынчтык келишимине кол коюлуп, үч жылга созулган эки корей элинин согушу аяктаган. Уруш маалында жүз миңдеген киши набыт болгон.

Эки корей мамлекетинин башчылары карагайдын түбүн өз өлкөлөрүнөн ала келген топурак менен бекемдешти. Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин андан кийин аны эки мамлекетти аралап өткөн Тэдонган жана Ханган дарыяларындагы суу менен сугарышты.

Уюштуруучулардын пикиринде, мунун баары Корея жана анын элинин ынтымагын жана Түндүк менен Түштүктүн келечектеги биригүүгө болгон аракетин чагылдырат.

Ким Чен Ын 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган өз өлкөсүнүн алгачкы лидери болду. Аны бүгүн эки Кореяны бөлгөн чек арадагы аскердик демаркациялык сызыктан Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өзү тосуп алды. Эки лидердин кол алышып саламдашуусу 30 секундга созулду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: