Menu

Кайра мэр болгон Кадырбаев ким?

Бөлүшүү:

Айтмамат Кадырбаев кайрадан мэр болуп шайланды. Жергиликтүү кеңештеги 45 депутаттын 41и аны колдоду. Кадырбаев мэрлик креслодо буга чейин эки жылдан ашыгыраак убакыт отурду.  “Арстан, жолборс” атыккан, ошол кезде кадыры жогорулап турган  Мелис Мырзакматовдон кийин түштүк калааны жетектөө ал үчүн кыйла эле оор болду. Анткени жаңы башчынын ар бир ишин чарбачыл эски мэрдин кылгандары менен салыштырып турушту.

Айтмамат Кадырбаев эки жылда кандай жумуштарды жасап, эмнени өзгөрттү? Сунуштаган программасын ишке ашыра алдыбы? Мэрдин ысымы кандай чуулгандуу окуяларга аралашты. “Ынтымак” Ош шаарынын жаңы эски мэринин айланасындагы маалыматтарды топтоду.

Кадырбаев ким?

Элүү жашка чыккан Айтмамат Кадырбаев Кара-Суу районунун Савай айылынан. Кесиби – экономист.  Мамлекеттик жана жеке ишканаларда катардагы кызматкерден баштап, жетекчиликке жеткен. 2007-10-жылдары губернатордун, 2012-13-жылдары Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамдирекциясынын орун басары болуп турган. 2014-жылдын 15-январынан Ош шаарынын мэри. Ашып-ташкан деле байлыгы жок. 2014-жылга тапшырган декларациясына ылайык, Кадырбаевдин 68 чарчы метр аянтта батири бар. Жакындарынын атына 436 чарчы метр аянтта үй, 2100 чарчы метр жер тилкеси,  2010-жылы чыгарылган “Тойота Камри” унаасы, база жана дүкөн (аянты, багыты көрсөтүлгөн эмес) катталган. Бир жылда 242 миң сом айлык алып, жарандык-укуктук келишимдерден дагы ушунча каражат тапкан. 

Убактылуудан узак мөөнөткө

Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин, 2014-жылдын башында жергиликтүү кеңеш калаа башчыны тандады. Ошол маалда да көпчүлүк коалиция көрсөткөн Айтмамат Кадырбаев 25 депутаттын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Бул саясий өнөктүк Мелис Мырзакматовду колдогон митингдин фонунда өткөн. Сыртка чогулган эл Мырзакматовду ордунда калтырууну президенттен талап кылып жатты. Экс-мэр эл адына чыгып, шайлоо таза өтпөгөнүн жар салганы эле болбосо, эл бир күн ызы-чуу салды да тарап кетти. 

Мелис

Ал арада Кадырбаев Мырзакматовдун кызматтан кетишин шарттаган убактылуу фигура катары сыпатталып, мэрлик креслодо узак отурбайт деген божомолдор айтыла баштаган. Эки жылдык мөөнөттү артка таштап, эми экинчи ирет, болгондо да ошол эле КСДПнын сунушу менен шаар башкарууга аттанып жатышы Кадырбаев Мырзакматовдон айырмаланып, борбордук бийлик менен ымала түзө алганын ырастап турат.

 “КСДПчыларды” кууп чыккан…

“Азаттык” жарыялаган “Мэр Кадырбаевдин КСДПга жаккан сыры” деген макалада азыркы мэр кезинде “КСДПчыларды” кууп чыкканы айтылат. Анткени 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Оштогу КСДП партиясынын өкүлдөрүн облустук акимчиликтен кууп чыккандардын башында Кадырбаев турганы белгилүү.  Апрель окуяларынын катышуучусу, серепчи Төлөгөн Келдибаев бул жагдайларды “КСДПнын өзүн өзү маскаралоосу” деп атады.

КСДП

“Азаттык” жазгандай, аталган окуяга байланыштуу Айтмамат Кадырбаевге кезинде кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылганы белгилүү. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы ал мэрлик кызматка аттанганда шашылыш жагдайда анын соттолгондугу жоюлган. Муну көпчүлүк ошо кезде саясий соодалашуунун жыйынтыгы деп түшүндүрүшкөн. Борбордук бийликке экс-мэр Мелис Мырзакматовду сүрүп чыгаруудан тайсалдабаган киши керек болуп, алар Кадырбаевди тандагандыгы айтылган.

Ара жолдогу “кылым курулушу” Кадырбаевдин энчисине калып

Мырзакматов баштап кеткен чырлуу көпүрөнү Кадырбаев бүткөрүп, президент менен чогуу пайдаланууга берди. Мурдагы долбоору өзгөртүлүп, Россиядан келген гранттын эсебинен курулган бул өтмөктүн ызы-чуусу али бүтпөчүдөй. Кадырбаев көпүрөнүн алдына өзү туруп, үстүнөн оор жүк ташуучу унааларды өткөрүп курулуштун сапатын сынаган жайы бар. Бирок жарым жыл айланбай өтмөктүн бузула баштаганы азыр коомчулуктун назарында.

Президент

Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн миллиондор үнөмдөлүп калганын Кадырбаев кайда барбасын айтып жүрөт. Шаар башчынын эсебинде 105 млн сом артып калган. Ага Ак-Бууранын эки жээгин бириктирген дагы эки өтмөк курулуп жатат.  Бала бакча, мектеп, балдар аянтчасы, эс алуу бактарынан сырткары мэр “кызыл тасмасын” кескен ири долбоорлордун дагы бири – “Достук” аймагындагы суу кампасы. Ал калаанын  батыш тарабын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздараары айтылган.

Бирок жарандык коом өкүлү Гүлгакы Мамасалиева бул объекти жыл аягында пайдаланууга берилээрин, эл алдында эле кызыл тасмасын кесип коюшканын айтууда. 

Мэрдин кыялындагы Ош 

Борбор Азиянын маанилүү түйүнү, өнүгүүнүн аймактык борбору. Коммуналдык тейлөө жолго коюлуп, инфраструктурасы жакшырып,  жарандардын турак-жай маселеси чечилген шаар. Кадырбаевдин Ош шаарынын 2014–2017-жылдарга карата «Түштүк борбордун потенциалы – шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн» программасы боюнча биз ушундай өнүккөн калаада жашашыбыз керек. Бирок аны ишке ашырууга 3 жылдык мөөнөт аздык кылаарын мэр өзү да моюндаган. Башкасын айтпаганда да, 500гө жетпеген шаардыктын турак-жай көйгөйүн чечүүгө шарт да, убакыт да бар болчу. Бир кезде өзү орун басар болуп турган Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы курган үйлөрдөн ашкан батирлерди жарандарга ипотекага бермей болушкан.Бирок маселе ушул күнгө чейин чечилбей, ипотека шарттарын аткарууга мамлекеттик кызматкерлердин чамасы жетпээри айкын болду. Мындан улам бул долбоор социалдык эмес эле, коммерциялык багытка кеткенин серепчилер белгилешет.

Кадырбаев калкаласа, кызматыңан кол жуубайсың 

Айтмамат Кадырбаевдин ысымы жакындарынын айынан чуулгандуу окуяларга аралашты. Алардын акыркысы эле классташы жетектеген бала бакчада тамак-аштан чыккан курт. Мекемедеги ушул жана башка мыйзам бузууларга карабай, директорго чара көрүлгөн эмес. Анткени классташын мэр өзү коргоп келет дешет бакча кызматкерлери. 

Аялы

Окуя ушуну менен эле бүтпөй, Кадырбаев классташын коргоп жатат деп журналисттерге маалымат берген Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын юристи жумуштан бошотулду.

Ош шаарындагы жалгыз соттук-медициналык экспертиза борборунун имараты жеке менчикке сатылып кеткени ачыкка чыкты деп жазган “Азаттык”. Алардын маалыматында имарат Айтмамат Кадырбаевдин жубайы Чолпонай Исмаилованын атына катталганы маалым болду. Мэрдин жубайы менен Ош облустук соттук-медициналык борбордун соттошуусу 2008-жылдан бери бир жаңсыл чечилбей келе жатат. 

Булак: yntymak.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: