Menu

АКШ украин деңиз аскерлери бошотулбаса, Орусияны оор кесепеттер күтөрүн эскертти

Бөлүшүү:

Камакка алынган украин деңиз аскерлери.

Орусия Керч кысыгындагы окуядан кийин кармалган украин деңиз аскерлерин бошотушу керек, антпесе, Москваны “оор кесепеттер” күтөт, деп билдирди АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү.

Мындан тышкары, Мамлекеттик департамент Керч кысыгындагы окуяга байланыштуу Европа биримдигин “Чыгыш агым-2” долбоорунан баш тартууга чакырды. “Европанын газ инфраструктурасы канчалык көбүрөөк Украинанын аймагынан көз карандысыз болсо, ошончолук Орусиянын аскердик агрессиясын ооздуктоо оор болот”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Күн мурун Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Виктор Муженко Орусия тараптан келип жаткан аскердик коркунучту 2014-жылдан берки эң ириси деп баалаган. Ал ошондой эле Украина менен чектешкен аймактарда Орусиянын танкалык тобу көбөйгөнүн белгиледи. Муженконун айтымында, 2 жуманын ичинде андагы танктардын саны эки эсеге – 93төн 250гө чейин көбөйгөн.

25-ноябрда Орусиянын чек арачылары аннексияланган Крымдын жээгинде Украина аскер-деңиз күчтөрүнүн үч кемесин аткылап, ичиндеги аскерлерди камакка алышкан. Москва украин кемелери Орусиянын мамлекеттик чек арасын бузганын билдирген. Украина болсо Орусиянын бул аракетин “ачык аскердик агрессия” деп атоодо. Кийинчерээк орус соту 24 украин деңиз аскерлерин чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы менен эки айга камакка алган. Алар бул берене менен алты жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиядан тез арада украин аскерлерин бошотууну талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: