Menu

Эркекче болбой калды – Сайдулла Нышанов шефин «сатып» кетти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алып жатканда “Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев караманча каршы чыккан… Текебаев менен кошо өзүнүн командасынан Аида Салянова жана Наталья Никитенко менен кошо “Бир Болдон” Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова жана “Кыргызстан” фракциясынан Урмат Самаев мыйзам долбооруна каршы добуш беришкен. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыгып жаткан “Ата-Мекендин” депутаттары Сайдулла Нышанов, Абдимуктар Маматов, Эмил Токтошевдин берки бетке ойт берип кире качып, бийликтин айтканына баш ийгенсип мыйзам долбооруна “макул” деп добуш бергенине кантип түшүнсө болот? Муну менен үч депутат шефи Текебаевди сатып кетти деп түшүнбөскө арга барбы? Эмил Токтошев саясатка жаңыдан кадам таштап жаткан сары ооз балапан саясатчы деп түшүнөлү. Текебаевдин шарапаты менен кайра-кайра депутаттык мандатты тагынган Сайдулла Нышановдун кылыгы, лидерге артынан бычак сайгандай эле болбодубу. Өмүрбек Чиркешовичтин ишенген адамдарынын бири ушул Нышанов эмес беле? 2010жылы Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Максимден калган БНКга көзөмөл кылууга Сайдулла Нышановду Өмүрбек Текебаев койгон деп айтылып жүрбөйбү. Нышанов ошол күндөрдү унуттубу? Же БНКны сатуудан көргөн миллиондогон доллар пайданы бийлик текшерсе таап алат деп коркуп олтурабы? Азыр тагынып жүргөн депутаттык мандатты дагы Өмүке белгилүү кардио-хирург Калдарбек Абдрамановго бербей, Сайдуллага алып бергени жалганбы? Депутат кылып өзү менен кошо алып келген Сайдулла Нышанов Өмүрбек Текебаевди коргоп бир ооз сөзүн айтканга жарабаганы кандай? Бакиев президент болуп турган кезде дагы Сайдулла депутат болуп олтурган. КурСалиевич аны чакырып алып “Экөөбүз бир жерденбиз, мен президент, сен депутат болдуң. Мага караганда эл менен сен көп жолугасың, көйгөйлөрүн угасың. Базар-Коргондо кандай маселе болсо мага кир, мен жардам берем” деп ака-үка чер жазышып сүйлөшүшөт. Бакиевден чыккандан кийин Нышанов “Эмнени айтат деп калтырап араң кирсем, элге жардам берели деп айтты. Бакиев Текебаевге караганда адам экен” деп жанындагыларга кеп козгогон экен. Анын Текебаевдин артынан сөз сүйлөгөнү жигитчиликке жатабы деги?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: