Menu

Видео – Бишкекте Кытайдын борбордук опера театрынын “Манас” операсы коюлат

Бөлүшүү:

Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин алкагында 11-12- июнь күндөрү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен КЭР Борбордук опера театрынын “Манас” операсы коюлат.

Чыгармачылык топ Кыргызстанга 10-июнда келээри пландаштырылууда. Кыргыз сахнасында операны коюуга 200дөн ашык артист катышары күтүлүүдө.
Маалым болгондой, “Манас” эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.
Иш чарада КЭР төрагасы Кытайда жашаган бир катар кичи улуттардын маданияты жана эпостору тууралуу билдирүү жасап, кыргыз элинин “Манас эпосун дүйнөдөгү эң чоң эпос деп белгилеген.

Жыйынтыгында көп улуттардын чыгармаларынын ичинен “Манас” эпосу боюнча опера коюлган.
“Манас” операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы “Манас” эпосунун негизинде жазылган. Сценарийдин автору Кытайдагы биринчи даражадагы сценаристи Ван Сяолин.
Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлгөн. Алгач чыгармачыл топ Манас” эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Синьцзян Уйгур автономдук районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областына үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышуу менен катар “Манас” эпосу тууралуу кенен маалыматтарды алышкан.

Эске салсак, “Манас” операсы Кытайда 9 жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун КЭР расмий визитинин алкагында да “Манас” операсы көрсөтүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: