Menu

Саламаттыкты сактоо министрлиги “Чубак ажы Жалиловду оорукана кабыл албай койгон” деген маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов оор абалда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Чубак ажыны Улуттук госпиталь кабыл албай койгон деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Чубак ажы оор абалда КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Неврология бөлүмүнө 10-июлда саат 00.00дө түшкөн.

 “Эки тараптуу пневмониядан сырткары, 3-даражадагы дем алуунун жетишсиздиги  деген диагноз коюлган. Ошондой эле, ал диабетинен жабыркап келген” – деп айтылат маалыматта.

45 жаштагы Чубак ажы Жалилов 11-июль түнкү саат 02:50дө ооруканадан көз жумган. Ал 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Мундуз айылында туулган. Анын сөөгү бүгүн кичи мекенине коюлат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги “Чубак ажы Жалилов Улуттук госпиталга кабыл алынган эмес” деген маалыматты четке какты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: