Menu

Президент Жээнбеков ыксыз текшерүүлөргө тыюу салды

Бөлүшүү:

Биргезде алган жогорку билимин заман талабына жараша ылайыктыштырган мекендештерибиз, чынында, сейрек. Бул жолку маектешибиз Хосилжан Акбаровдун билими жогорку. Казакстандын Караганды шаарындагы кооператив институтутун бүтүргөн. Ушул тапта Ноокат шаарында ити чөп жеген ишкерлердин сап башында баратат.

– Хосилжан мырза, жогорку билимиңиз бар туруп соода жана тейлөө тармагына неге бекем ыктадыңыз?

– – Мен бул тармакты тандаганыма эмдигиче өкүнбөймүн! Көрсө, мезгилдин талабын жана рыноктун тилин эртерээк аңдапмын. Моминтип Ноокат шаарында “Кыргызстан” кафесин үзгүлтүксүз иштетип жатам. Мындан тышкары Орусияда дагы эки чакан дүкөнүм бар. Экөө тең калкка туруктуу кызмат көрсөтүп келатат.

– Ноокат шаарынын бюджетине кошкой салымыңыз деле чоң эле өңдөнөт?

– Калаабыздагы ири салык төлөөчүлөрдүн биримин десем такыр жаңылышпаймын. Ай сайын Ноокат шаарынын казынасына 40-50 миң сом төгүп турабыз. Мындан тышкары кафебизде баш-аягы 40-50 чакты адам дагы эмгектенет. Булардын эле орточо маянасы он-он беш миң сомдун тегерегинде. Анан калса айлыктары дагы убагында гана колдоруна тийип турат.

– Президент Сооронбай Жээнбеков бей-жай текшерүүлөрдү биротоло тыйганына кубанып тургандырсыздар?

– Албетте! Көрдүңүз го, сүйүнүчүбүз алигүнчө таркай элек. Ооба, президентибиз Сооронбай Жээнбеков өз маалында абдан чечкиндүү кадам жасады. Ыксыз текшерүүлөргө эки жылга тыюу салды. Дал ушунун өзү Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин ырааттуу түрдө өнүгүшүнө гана өбөлгө жаратып олтурат. Мындан тышкары өлкөбүздүн  бюджетине дагы жетиштүү көлөмдө акча түшүп жатат.

– Хосилжан мырза, өзүңүз биргезде Чернобыль АЭСнин кырсыктарын четтетүүгө активдүү катышкан турбайсызбы. Демек, калктын аяр катмарына үзгүлтүксүз каралашып жатканыңыз дагы бекеринен эместей?

– Ооба. Чернобыль АЭСиндеги каргаша эзели адам баласынын башына дагы түшпөсүн! Мен аны өз көзүм менен көрбөдүмбү. Ошондуктан, биз Кыргызстанда моминтип кайрымдуулук жараяндарын тынбай өткөргөндү кадимки адатка айландырдык.

Маселен, Ноокат шаарында жашап жатышкан майып жана жетим балдар “Кыргызстан” кафесинен жыл бою бекер гана тамак ичишет. Мындан тышкары майрам күндөрдө, же атайын иш-чараларда калкыбыздын эң аялуу катмарына байма-бай көңүл буруп каралашып, алардан жылуу-жумшак мамилебизди эч аябайбыз! Анткени, баарыбыздын Мекенибиз бир, ал – Кыргызстан!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: