Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Лунара Мамытова мандатын тапшыруу боюнча арыз жазгандан кийин, тизме боюнча депутаттык орунга Улукбек Ормонов келе турган болду. Ал Мамытованын кетишинде эч кандай саясий соодалашуу болбогонун айтып, анын кийинки иштерине ийгилик каалады.
Эске салсак, “Бир Бол” фракциясы Жогорку Кеңеште 12 орунга ээ болгон. Буга чейин Бакыт Эсенбаева мандатын тапшырып, анын ордуна Бакирдин Субанбеков келген эле.
https://youtu.be/m_yoI-5hhyI
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ