28-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Тулпар» пансионатынын жээгиндеги боз үйлөрдүн биринде эс алып жаткан 11 киши тамакка ууланып, райондук ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын экөө жандандыруу бөлүмүнө, калганы инфекциялык бөлүмгө жаткырылган болчу.
Уулангандар Чүй облусунун Кемин районунан келгени кабарланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар Кеминден мал союп, анын этин эс алуучу жайга ала келишкен. Уулануу ошол эттен болгон деп жоромолдонууда.
Анткени «Тулпар» пансионатынын жетекчилигинин билдиргени боюнча, уулангандар пансионаттын ашканасынан тамактанышкан эмес.
Учурда тамакка ууланып түшкөн 11 адамдын төртөөнүн абалы оңолуп, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эки киши өзүнө келип, стационардык палатага которулган.
Ошондой эле ууланган адамдар жеген тамак-ашы лабораторияга жиберилген. Факты боюнча жергиликтүү бийлик жана милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Булак: Кыргыз Туусу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ