Menu

Алишер Усманов Өзбекстанда орус тилин окутууну жакшыртуу программасын колдоду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги, Орусиянын Агартуу министрлиги жана Алишер Усмановдун “Искусство, илим жана спорт” кайрымдуулук фонду “Класс!” аттуу жаңы долбоор баштоо боюнча макулдашты. Долбоор өзбек мектептеринде орус тилин окутууну жакшыртууга багытталат.

“Класс!” долбоорунун биринчи баскычына ылайык, 32 орусиялык методист Өзбекстанга келип, жергиликтүү мектептердеги окуучулардын жана мугалимдердин тил билүү деңгээлине байкоо жүргүзүшүүдө.

2021-жылы дагы 100 орусиялык адис келери пландалууда.

6-октябрда элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов мектептерде англис жана орус тилдерин үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурула баштай турганын билдирген.

Анда министр бул максатта Орусиядан адисттердин алгачкы тобу келгенин, алар А.Авлони атындагы квалификацияларды жогорулатуу институтунда иштеп башташканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: