Жарандык активист Адил Турдукулов Супер kg порталына «азыркы өкмөттү өз көлөкөсүнөн корккон өкмөт» деп атаса болот. Анткени президенттик шайлоо өттү, жаңы бийлик келди. Жаңы бийлик, анын ичинде өкмөттөн эң алгылыктуу, орчундуу, мамлекеттин экономикасын көтөрө турган идеяларды жана программаларды күтүп жаткан. Бирок жаңы идеялар эмес, эски идеялар ишке ашпай жаткандыгы абдан өкүнүчтүү деген ойдомун. Себеби «Жунда», Жерүй сыяктуу ишканалар дагы деле иштебей, жумушсуздук мурдагы элё деңгээлде болуп жаткандыгы ойлондурат. Мындан тышкары, экономиканын өсүшү 3,5 пайыз болгону биз күткөн жыйынтык эмес. Бул дүйнөлүк экономикадан артта калып жаткандын белгиси экенин түшүндүрөт. Ошондуктан президент парламент менен кошо жаңы өкмөттү түзүшү керек. Ал жерге президентке да, парламентке дагы көз карандысыз өкмөт башчы келсе деген үмүт болуп жатат» деди Турдукулов.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ