Швецияда башпаанек издеп, калып калган Сыргак Абдылдаев деген жазмакер бар. Аны «качырган» Бакиевдер өздөрү качкын болгондоруна жакында он жыл болот, бирок Сыргагыбыз мекенге бир эле жолу кайтып, Атамбаевдин колунан орден албаса, башка бул жерге келгиси жок. Коммунизм кура алган Швециянын жашоосун жактырган, ал жактын паспортуна мактанган Сыргак эски мекендештерине фейсбукта күнүгө акыл үйрөтөт десең. Тим эле сайрайт. Атамбаевге болушуп, «Апрель» телеканалын мактап, жаңы бийликке асылат. Аны жакын тааныгандарга ишенсек, өзү Швецияда иштебейт, жалаң пособия алып, «мен КГБнын полковнигимин, Афганистанда жана башка «горячий точкаларда» жаракат алгам, согуш ардагеримин» деп догурунат экен. Ышкырыгы таш жарат деген ушул да.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ