Бүгүн, 8-октябрда КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы генерал-майор Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Баарлашуунун жүрүшүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге жана экстремизмге каршы туруу, ошондой эле трансулуттук кылмыштуу топтор менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы К.Масимовдун айтымында, эки бир тууган өлкөнүн атайын кызматтарынын биргелешкен иши келишимдеринин алкагында улантылат.
Карим Масимов Кыргызстандын күч жана укук коргоо органдары кыска убакыттын ичинде кырдаалды жана коомдук тартипти нукка сала алаарына ишеним билдирди.
Өз кезегинде Ө.Суваналиев К.Масимовго колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ