The New York Times гезити «Мугабе кеткенден кийин Зимбабведеги кийинки таң кандай болот», деген суроо койду. Мамлекетти 37 жыл башкарган 93 жаштагы диктатордон кийин бийликке анын мурдагы орун басары, азыркы атаандашы Эммерсон Мнангагва келиши ыктымал. Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, «Крокодил» каймана аты менен белгилүү саясатчы Мугабеден жумшак болот деген үмүттөнүүлөрдү жаратпайт деген гезит. The Guardian Зимбабведеги башкаруучу партия «туруксуздуктун булагы», экономиканын төмөндөшүнө жоопкер жана мыйзамды сыйлабаганы үчүн Мугабени бийликтен четтетүү боюнча парламентке резолюциянын долбоорун алып чыкканын жазды. Мнангагва дагы ушундай эле тагдырга туш болушу ыктымал.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ