Menu

Уран Шамбетов Жайыл РИИБнин жетекчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Шамбетов Уран Узбекович Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев кол койгон.

Бүгүн, 18-сентябрда Жайыл РИИБнин өздүк курамына жаңы дайындалган жетекчиси тааныштырылды.

Буга чейин Жайыл райондук ички иштер бөлүмүн Тилек Өмүралиев башкарып, Шамбетов Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Уран Шамбетов 1977-жылы 28-мартта Талас облусунда туулган. Ал Талас шаарынын Ички иштер бөлүмүн жетектеп, убактылуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыштуу милиция кызматынын башчысынын орун басарынын милдетин аткарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: