Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектеги Жеңиш аянтынын “Өчпөс отунун” алдында башталган Феминисттик жүрүштүн катышуучулары “Кырк чоро” коомдук уюмунун активисттери менен кагылышкандан кийин Свердлов райондук милициясы 60тай жаранды кармап кеткен.
Милиция феминисттерди өздөрүнүн акциясы жана коопсуздуктуу сактап берүү тууралу бизге билдирүү берген эмес, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын эстелигинин алдында – ыйык жерде өздөрүнүн акциясын өткөрүүсү – бул баатырлардын эстелигин сыйлабоо жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей каршылык көрсөттү деп айыптоодо.
Жыйынтыгында милиция кармалган 60 кишинин 50сүн коё берип, 10 жаранга бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей каршылык көрсөттү деген айып тагып, 3000 сомдон айыппул салып, анан чыгарды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ