Ош мамлекеттик юридикалык институтунун алдындагы юридикалык коллежинде студенттер менен медицина жана социалдык тармактын кызматкерлеринин атайын жолугушуусу болуп өттү. Бул турасында окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.
Анда Ош областтараралык наркологиялык борборунун өспүрүмдөргө медициналык-психологиялык жана социалдык жардам берүү кабинетинин кызматкерлери катышты. Иш-чарада психолог Чолпон Назарматова жана дарыгер-нарколог Мариям Орозкулова, социалдык кызматкер Чынара Алимжановалар тамеки заттарынын ден-соолукка зыяндуулугу боюнча студенттерге кеңири маалымат берип, пайдалуу кеп-кеңештерин беришти. Айрыкча алар тарабынан көргөзүлгөн видеотасмалар жаштарда терең тарбиялык таасир калтырды.
Мында банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош областы боюнча Башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү Толкун Кукчаев, жашы жетелектер боюнча инспектор Медер Аширбеков жаштар менен мыйзамдуулук боюнча маектешип, аларды кызыктырган суроолоруна жооп кайтарышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ