Бүгүн, 5-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиковдун өкүмү менен генерал. экс-ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиев ага козголгон эки кылмыш иши боюнча анын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондуктан толугу менен акталды.
Генерал Коңгайтиев 2005-жылдагы революция учурунда өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн жана 2010-жылдагы революция учурунда өзүнүн кызматтык укуктарынан ашкере пайдалангандыгы үчүн айыпталып жаткан.
Бүгүнкү сотто чыгып сүйлөгөн Молдомуса Коңгайтиев “2010-жылдагы революция учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жаткан милиция кызматкерлерин сабаган кылмышкерлер алигиче жоопко тартыла элек. Жапа чеккен милиционерлердин катарына мен да кирем” деп билдирди.
Натыйжада сот аны эки кылмыш иши боюнча толугу менен актады.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ