Menu

Сулайман Кайыпов, профессор: “Бийликтен кеткен ажолор өз ордун билип, өзүн, элди сыйлап, мыйзамдарды сыйлап, шүк отурбай атпайбы…”

Бөлүшүү:

Профессор Сулайман Кайыпов «РухЭш» сайтына барып талкууга катышыптыр. Аныгында ал талкуунун түпкү маани-маңызына пикир айтуудан алыспыз. Болгону ошол баарлашуу учурунда Сулайман мырзанын омоктуу ойлоруна толугу менен кошулабыз. Бир мисалын айтсак, Кайыпов мырза аныгында туура айтыптыр.

Ал маекте: «Туура, мен жогоруда айткандай, башкалардан айырмаланып, биздин өлкөдө мен өлгүчө президент болом, өлгөндөн кийин тактыны балама өткөрүп берем деген киши чыкпайт. Биз эки революция менен ошого жетиштик да. Бул өтө чоң жеңиш. Бирок, чоң бийликтен куулуп кеткендери да, жөн кеткендери да өз ордун билип, өзүн, элди сыйлап, мыйзамдарды сыйлап, шүк отурбай атпайбы.

Бир жылдай убакыттан бери кыргыздын экономикалык, рухий өнүгүшүнүн бардыгын артка кан бир жаман окуя өкүм сүрүп турат. Бул мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы тирешүү. Мурдагысы «досум» деп келип, туура эмес жолго түшсө, досум да болсо кууп түшөм дегендей кылбады беле. Инаугурация болуп атканда да «менин досум» деп айтканын бүтүн дүйнө укту го. Мен чет мамлекетте болчумун, биздин өлкөнү ушул неме алты жыл башкардыбы деп ыйлагым келген…

Анан эле көп өтпөй араздаша кетишти. Муну да дүйнө жүзү көрдү. Ошол күндөн ушул күнгө чейин тирешүү ачык да, жабык да жүрүп келет. Азыркы президент мурдагы президенттин жетегинде, анын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылыш керек экен. Антпесе, досун сатып кеткенге барабар имиш. Көрдүңүзбү, эргулуңдун оюнда улут, өлкө, уят деген түшүнүктөр ныпым жок. Өзүнүн гана кызыкчылыгы, башка нерсени ойлобойт тура. Абийир кризисине мына ушул окуя мисал боло алат. Өлкө башындагы кишинин мөөнөтү бүткөндө – бийлигин мындан ары да улантууну көздөп, бийликке досун алып келүү үчүн жасаган кадамдары, аракеттери да абийирдүүлүккө жатпайт» деген оюн айтыптыр. Калыс сөз экен…

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: