Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.
Маалыматтар боюнча, окуя 2019-жылдын 16-июнда Жал кичирайонунда болгон. Эркек киши таанышынын унаасын оңдоп берем деп, убадасын аткарбай качып кеткен. Алдамчынын келтирген зыяны 241 миң доллар болгон.
Алданып калган аял милицияга кайрылат. Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ