КР Каржы полициясы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы “Бозымчак” алтын кенин казып жаткан Казакстандык миллиардер Владимир Кимдин «КазМинералзБозымчак» ЖЧКсы 2014-2016-жылдарда Кыргызстандан 9760 тонна алтын концентратын ташып чыгып кеткенин, бирок салыкчылар мыйзам боюнча эсептеп чыккан 55,7 млн сом киреше салыгын төлөбөй жүргөнүн аныкташкан.
Ала-Букадагы Бозымчак кенинде 23 тонна алтын, 140 тонна күмүш жана 143 тнна жез бар экендиги белгилүү.
Буга байланыштуу Каржы полициясы 2017-жылы декабрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-коммерциялык ишканалардын кызматкерлеринин өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
26-май күнү «КазМинералзБозымчак» компаниясынын гендиректору Иляс Тулекеев “Манас” аэропортунан Казакстанга учуп кетерде каржы полициясы тарабынан кармалып, убактылуу абакка киргизилген.
28-май күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Иляс Тулекеевдин баш коргоо чарасын карап, абакка алуудан баш тартты.
Каржы полициясы тергөөнү улантууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ