Menu

Өзбекстандагы президенттик шайлоону 1,3 миң журналист чагылдырат

Бөлүшүү:

Өзбекстандагы президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 1306 жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММК каттоодон өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

Шайлоо жараянында ачык-айкындуулукту жана расмий маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында шайлоо комиссияларынын республикалык жана округдук борборлору иштеп жатат.

Буга чейин алар шайлоо кампаниясынын маанилүү этаптарына багытталган 100дөй маалымат жыйынын өткөрүштү. Саясий өнөктүк башталгандан бери жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММКларда президенттик жарыш туурасында 15845 материал жарыяланды.

Мындан тышкары бирдиктүү компьютердик түйүн түзүлдү. Бул шайлоо күнү добуш берүү жараянына онлайн режиминде байкоо салууга жардам берет, аймактар менен видеобайланышка чыгууга мүмкүнчүлүк ачат. Борбордук шайлоо комиссиясы коомчулук үчүн добуш берүүнүн жүрүшү боюнча онлайн-брифингдерди өткөрүп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: