Menu

Юстиция министринин орун басары суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын жетекчисин Юстиция министрлигинин расмий базасында өзгөртүлгөнү тууралуу Башкы прокуратурага кайрылган арызы боюнча министрдин орун басары Максат Эсеналиев жана юридикалык каттоо башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпаев суракка алынды. Бул маалыматты Башкы прокуратура тастыктады. Юстиция министрлиги Башкы прокуратурага келген арыз менен макул болбогонун билдирди. Анткени алар мыйзам бузган эместигин айтышкан. Ал эми КСДП Юстиция министрлиги партиядан кошумча документтерди талап кылгандыгын, ал эми ведомствонун башчысы Марат Джаманкулов маселени билмексен, түшүнмөксөн болууда дешүүдө. Эске салсак, Юстиция министрлиги КСДП партиясынын лидерин министрликтин расмий базадан өзгөрткөн. Эми базада КСДП партиясынын лидери деп Сагынбек Абдрахманов жазылып турат.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: