Menu

Самаркандда «ИМ» тобун жактайт делген 50гө жакын киши кармалды

Бөлүшүү:

Самарканддын Ургут районунда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна байланышы бар деген шек менен Орусиядан кайтып келген ондогон мигрант кармалды.

Өзбекстандын укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, 14-августта жолдошторунун көрсөтмөлөрүнүн негизинде 50гө жакын киши кармалган. Анын айтымында, шектүүлөр «Ислам мамлекети» уюмуна материалдык жардам көрсөтүү бүтүмүн кабыл алышкан.

– Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө, – деди Самарканддын укук коргоо кызматкери.

Бирок кармалган жарандардын туугандары алар эч кандай диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси жок экенин билдиришүүдө.

– Кармалган балдардын арасында менин тууганым бар. Алар ИМ тобуна байланышы бар деп күнөөлөнүп жатышат. Бирок алар динге ишенген адамдар эмес. Болгону Орусиянын Белгород шаарында курулушта иштеп келишкен, – деди Урнут районунун жашоочуларынын бири «Азаттыктын» өзбек кызматына.

Акыркы жылдары Өзбекстанда адамдарды диний көз караштары боюнча кармаган учурлар көп катталууда. Өзбекстандын көз карандысыз укук коргоочуларынын демилгечи тобунун маалыматы боюнча өткөн жылдын октябрь айынан бери Ташкентте, Ташкент облусунда жана Фергана өрөөнүндө жүздөн ашык киши кармалып, ИМ тобуна байланышы бар деген айыптар тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: