Бүгүн, 24-августта КСДП фракциясы баштаган парламенттеги башкаруучу коалиция Атамбаевдин көрсөтмөсү менен премьер-министр кызматына 2010-жылы 7-апрелде Максим Бакиев менен шапар тээп Америкада кошо жүргөн Сапар Исаковду көрсөтүп жатканына нааразы болгон төңкөрүшчүлөр тобу Ак үй алдындагы 7-апрель баатырларына коюлган эстеликтин жанына келип, өкүрүп ыйлап турушту.
Акциянын катышуучулары Сапарбек Аргымбаев, Качкын Булатов, Өндүрүш Токтонасыров жана башкалар 2010-жылдын 7-апрелине чейин эле Бакиевдик режимге каршы активдүү күрөшкөнү менен белгилүү болгон коомдук активисттер. Эми Атамбаевдик режимдин мыйзам бузууларына каршы акция өткөрүштү.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: “Жалбырак ТВ”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ