Menu

Азимбек Бекназаров: “2011-жылы Атамбаев премьерликтен алынарда Ахматбек Келдибеков сактап калып, Атамбаев аны бетинен өөп, ыйлап, «Ахмат, өмүр бою бул жакшылыгыңды унутпайм» деген”

Бөлүшүү:

Белгилүү революционер Азимбек Бекназаров жакында эле “Мен кыргызмын” аттуу II томдон турган жана “Бизге кандай реформа керек” аталыштагы эскерүү китептерин жарыкка чыгарды. Анда автор акыркы 20 жылдагы өзү аралашкан саясый окуяларды болгонун болгондой баяндап берген. Биз Бекназаровдун китебинен бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпогон айрым урунттуу учурларын үзүндү кылып жарыялоону чечтик.

Бүгүн эле Ахмат Келдибеков мага «2011-жылы апрелде Кулов, Текебаев, Ташиев үчөө биригип, коалицияны бузуп, премьерликтен Атамбаевди алабыз» дегенде сактап алып калганын айтты. Ошондо Келдибеков Ташиев менен сүйлөшүп, берки экөөнөн аны бөлүп, анан иш бүттү деп шылкыйып калган Атамбаевдин үйүнө барып, «иш бүткөн жок, Камчы түшүндү, коалиция бузулбайт» дегенде Атамбаев бетимен өөп, ыйлап, «Ахмат, өмүр бою бул жакшылыгыңды унутпайм» дегенин эскерди. Буга Өмүрбек Бабанов күбө болгон экен. Ошондуктан, камакка алууну Атамбаев кылганына ишенбейм, Салянова аркылуу коалициядагы башка күчтөр кылып жатышы мүмкүн экенин Ахмат түрмөдөн билдирди. Бирок, балакет кылган күндө дагы Атамбаев бул иштер үчүн тарыхта калат…

Уландысы бар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: