Милиция кызматкерлерине арыз менен борбор калаабыздын жашоочусу кайрылып, 8-октябрь күнү Кулиев-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар арыздануучунун «Фольксваген ЛТ-35» үлгүсүндөгү автоунаасын укукка жат түрдө ээлеп алышканын билдирген.
Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1992-жылы туулган Х.Б. жана К.Н. аттуу жарандар кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (автоунаа каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш ишин козгошкон.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ