Menu

Укугу бузулган мигрант, укуругу узун жетекчи

Бөлүшүү:

Иллиюстративдүү сүрөт.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Түркияда 20 миңден ашуун Кыргызстандык эмгектенет. Бул сан жайкы туристтик сезондо 30 миңге жеткен. Алар негизинен мейманканаларда, дүкөндөрдө жана тейлөө кызматтарында иштейт. Бирок баардык эле мигранттардын укугу корголуп, эмгек келишими сактала бербейт. Мигранттар эмне себептен  мындай кырдаалга туш болушаарын карап көрүүнү чечтик.

Ырыс Жумагулова 20 жашта. Учурда Анталиянын Кемер районундагы Аmara Dolce Vita Luxuary деген беш жылдыздуу мейманканада иштейт. Ал ишке  жеке агентигинин жардамы менен 6 айлык келишимдин негизинде келген. Бул жакка келгенден кийин агенттик менен түзүлгөн эмгек келишиминин сакталбаганын жана күтүлбөгөн жагдайларга туш келгендигин айтат:

– Былтыр тааныштарымдын дээрлик баары Түркияга келип иштеп кетишкен. Жакшы акча таап, кээ бирлери быйыл Германияга кетишти. Аларды көрүп, быйылкы жайды жөн эле өткөзбөйүн деп мен дагы бул жакка келүүгө камындым. Бишкектеги ишке орноштурган жеке агенттиктердин бирине барып катталып, виза жана агенттиктин кызматы үчүн 400 доллар акча төлөдүм. Келишимде 3 маал бекер тамак, жатакана, барып келиш жолкиребиз жана  камсыздандыруу каралган. Биз келишим түзүп жатканда биздин жашайт турган жатаканаларыбызды жана  түзүлгөн шарттарды видео аркылуу көрсөтүп тааныштырышкан.

Ырыстын айтуусу боюнча, көп нерселер ал жакка баргандан кийин таптакыр башкача болуп чыккан. Жашаган жерлери кичинекей, кыздар-балдар аралаш бир пансионатта турушкан. Ошондой эле, алгачкы эки айда кошумча жумуш акыларын ала алышкан эмес. “Баса, биз баргандан кийин, банкка эсеп ачабыз, мейманкананын кадрлар бөлүмүнө каттоо керек деп баарыбыздын паспортторубузду жыйнап алышып, ошол боюнча бербей коюшту. Ар бир айдын бешинде айлык алгандыктан, жалгыз гана ошол күнү паспортторубузду колубузга берип, банкка барып келгиче экиден адам кайтарып жүрөт.  Мындай шарттарга чыдабай 4 кыргыз бала качып кетти. Мындай эмгек келишимдин бузулуусу боюнча эч жерге арызданып кайрылган жокпуз. Ишти дагы таштай албадык. Анын үстүнө биз келгенденден кийин доллар көтөрүлүп кетип, бир аз кыйынчылыктар жаралып калды. Буйруса эки жумадан кийин мекенге кайтам” – дейт Ырыс Жумагулова.

Экинчи каарманыбыз Данияр 24 жашта. Ал дагы Кемер районунда жайгашкан жети жылдыздуу Rixos Premium Tekirova мейманканасында иштейт. Даниярдын айтуусу боюнча,  Түркияга баргандан кийин убадаланган жумушка орношо алган эмес. Жана шарты жок, караңгы жер төлөөдө жашаганга туура келген. “Бул жакка келгенибизде биз жашайт турган жатаканалар даяр эмес экен. Төрт кыз, 17 эркек бала келген элек. Кыздарды төрт кишилик бир комнатага жайгаштырып, калгандарыбызды жертөлөөгө киргизип коюшту. Убактылуу ушул жерде жашап тургула, бир жуманын ичинде маселе чечилет дешти.  Жертөлөөнүн ичи ным жыттанат. Желдеткич, жада калса терезе жок. Эми элестетиңиз, күндүн ысыгы 40 градус.  Жетекчиликке, адам ресурстары бөлүмүнө кайрылдык. Кыргызстандан бизди жөнөткөн компаниянын жетекчиси келди эле, ага айтсак, бул маселе мейманкана жетекчилигинин иши экендигин, колунан эч нерсе келбестигин айтып тим болду. Ошентип ал жерде 2 ай жашадык»,- дейт Данияр.

Бул маселелер боюнча Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозовго кайрылганыбызда мындайча түшүндүрмө берди:

– Быйыл Түркияга сезондук ишке кеткен Кыргызстандыктардын абалы анча жакшы эмес. Анткени доллардын кымбатташы, албетте мигранттарга терс таасирин тийгизди. Ал эми келишимдин сакталбагандыгы боюнча айтсам, мигранттар ИИМге, миграция кызматына арыз менен кайрылса болот. Каттоосу болбогон агенттиктер текшерилип, лицензиясы болбогон ишкана, фирмалар жабылышы керек. Бизде учурда 80ден ашуун жеке фирмалар каттодо турат.

“Азаттык” үналгысынын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматында 75 жеке менчик агенттик расмий каттоодон откон. Алардын дээрлик баардыгы жарандарды Туркияга жонотот. Миграция кызматынын маалыматтык консултациялык борборунун жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотовдун айтымында, эмгек келишиминин сакталбай жатканына мигранттар өздөрү күнөөлүү. “Жараандар келишимге кол коюп жатканда, эч жерин окубай, талаптар, шарттар менен таанышпай туруп эле кол коё беришет. Өз укуктары боюнча эч нерсени билишпейт. Чет өлкө десе эле, баары сонун болчудай элестетишет. Жок, андай болбойт. Ар бир адам өз укугун билүүгө милдеттүү. Келишимге кол коюуудан мурда, баардык шарттар менен таанышып чыгуусу абзел. Көйгөйлөрдүн көбү сабатсыздыктан жана ар бир ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыктан улам пайда болууда»,- Самат мырза.

Эгерде чет өлкөгө жөнөткөн компания убадасынан тайып, келишимдин шарттарын аткарбаса эмне кылуу керек? Бул боюнча юридикалык илимдердин кандидаты, доцент Чолпонбай Карынов буларга токтолду: “Эмгек келишими сакталбаган учурда ошол өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине, консулдугуна кайрылуу керек. Же болбосо, Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык- консультатциялык борборунун сайтына электрондук арыз жөнөтсө болот. Ошондой эле, Тышкы иштер министирлигинин сайтына дагы даттануу жазса болот.  Арыз түшкөндөн кийин сизди жөнөткөн жеке компания бир жолу эскертүү алат. Экинчисинде ишмердуулугу токтотулуп, лицензиясынан ажыратылат»,- дейт Карынов.

Эске сала кетсек, буга чейин “Эзекия” жана “Фиеста сервис” компанияларында мигранттарды Туркияга ишке орноштурууда мыйзам бузуулар катталган. “Эзекия” компаниясынын устунон мигранттарды визасыз, шарты жок жерге жонотуп, ошондой эле убадаланган эмгек маянаны тологон эмес деп бир канча мигранттар арыз менен кайрылган. Бирок ал иш боюнча компанияга бугунку кунго чейин эч кандай чара колдонулбай жатат. Кийинчерек кайра эле ушул компания 50го чукул улан кыздан Туркияга ишке орноштурууну убадалап акча алып, эки –уч айдан кийин, укук коргоо органдарынын кийлигишуусу менен кайра акчаларын кайтарып берген.

Ал эми “Фиеста сервис” компаниясы аркылуу түрк отелине жумушка орношкон 46 адам 6 ай иштегенден кийин кетүүгө акчасы же билети жок отуруп калышкан. Миграция кызматынын билдирүүсү боюнча, учурда чет өлкөдө 800 минден ашуун жаран бар. Алардыни 645 миңдейи Орусиянын аймагында, 20 миңден ашууну дагы Түркияда эмгектенишет.  Жыл башынан бери Мамлекеттик миграция кызматына жумуш сурап 21 миңге жакын адам кайрылган. Алардын 5 мин 500 гө жакыны аялдар болгон.

Тахмина Сейитбекова,

Кыргыз-Түрк “МАнас” университетинин журналистика бөлүмүн студенти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: