Menu

“Өкмөт даяр долбоорлорду ишке ашыра албай атат”

Бөлүшүү:

Өкмөттүн ишине нааразы болгондор арбып баратат. Коомчулуктун чыдамы канчага чейин жетет болду экен? Деги кандай ийгиликтерди багындырып атканы, эмнени кыйратканы белгисиз. «Өгүз өлбө, араба сынба» деген жүрүштү эске салат. Андыктан, биз коомдук ишмерлердин ой пикирин сурап, калыс маанайда сын айтууга белсенип турабыз.

Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер:

– Бул өкмөт өз мамлекетине кайдыгер карап, «сен мага тийбе, мен сага тийбейм» дегендей, эптеп эле айлык алып жашап жаткандай түр калтырууда. Эртең менен жумушка барат, кабинетине баш багып, компьютерин иштетип, интернеттеги жаңылыктарды чукуласа керек. «Экс-президент дагы эмне деп айтып ийди экен? Кайсы сайтка маеги чыгыптыр, кайсы телеканалга бериптир?» дейт. Андан кийин жанагы WhatsАрр деген немесине келген каттарды окуйт, жооп берет, ал аңгыча түш болот. Түштөнүү маалында бери дегенде эки саат иш кабинетинде жок. Түштөн кийин жетекчиси сураса, ар кыл шылтоону айтып, андан кийин жумуш күнү аяктайт… Мен эми болжолдуу айтып атам. Мындай көз карашта иштеген өкмөт, өкмөт мүчөлөрү өз каалоолору менен жумуштан кетүүсү зарыл. Мындай ишти өз элине жасаган экономикалык диверсия катары түшүнсө болчудай. Муну эмнеге айтып атам? Жаның кашайганда ушундай гана ой келет экен. Анткени, өкмөттүн чеке жылыткан кайсы ишин эл билет? Эч ким билбейт. Өкмөт башчынын же вицелеринин карапайым калкка жасаган урунттуу, жүрөк жылыткан жумуштарын мен да көрбөй атам. Эл өзү эле жанын багып, «ТЭЦ жарылса минтем, электр жарыгы өчсө антем» деп кышка даярданып койду. А баса, премьер-министрдин вицелери барбы деги? Бар болсо эмне иш кылышат? Же алар бирөөнүн башы менен иш алпарышабы? Билбейм, сөз таппай турам.

Адил Турдукулов, «Сөз эркиндигин коргоо» комитетинин төрагасы:

-Чынында өкмөт азыр чабал. Анткени, бир жыл ичинде реформаны мындай эле коёлу, бул өкмөткө чейин даярдалган «Коопсуз шаар», «Ачык асман» долбоорлору ишке ашкан жок. Элдин кенчи болгон Жерүй токтоп турат, «Жунда» ишканасы да иштебей калды. Убада кылынган Кумтөр менен келишим качан түзүлөрү белгисиз, анын баарын эл күтө берип чарчады. Өкмөт дайыма бир жакты кылчактай карап, «бирдемени туура эмес кылып койбоюн, андан кийин абакта отуруп калбайын» деген коркуу сезими басымдуу болуп жаткандай сезилет. Керек болсо өзүнүн укугунун негизинде, Бишкек, Ош мэрлерин өзү сунуштай албай, өзүнүн мыйзамда жазылган милдеттерин аткара албай жатканы бизди башка ойго салып атат…

Даярдаган: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: