Menu

Ала-Буканын Кошалмурут айылынын Алмаз Атамбаевге ачык каты: Элдин сабыры түгөндү

Бөлүшүү:

Ала-Бука районунда жайгашкан Кош-Алмурут айылы Өзбекстан  менен чектеш.  Айылдыктар үчүн эң көйгөйлүү маселе – көпүрө, таза суу, жайыт. Айылда баардыгы болуп  600 дөн  ашык түтүн эл жашайт. Чоң сай суусу Кош-Алмурут айылын экиге бөлүп, көпүрө  бул айылды бириктирип, райондун борбору жана башка айылдар менен байланыштырып  турган  жалгыз жол болуп саналат. Мындан башка жол жок. Ошондуктан айылдыктар үчүн көпүрөнүн мааниси өтө чоң.

Жакында араң эле  турган, жогоруда айтылган көпүрөнү сел алып кетип, жашоо кыйындап,   тургундарынын сабыры түгөндү, анткени беш жылдан   бери көпүрө авариялык абалда (андан унаа эмес жөө жүрүү  өмүргө коркунучтуу) болчу. Себеби көпүрөнүн 5 см ге да жетпеген  бир учу (селде так ошол учу жабыркады) жыл өткөн сайын жарылган тирөөчтө  эптеп эле  илинип турчу. Ал сел болбогон күндө да, бир күнү сөзсүз куламак.

Кулап жаткан көпүрөнү көрүп (тиркелген сүрөттө), анын  талапка ылайык салынганын айтуу кыйын. Көпүрөнүн каптал жагына  бетон тирелип, көпүрө коюлчу жагына  30 см  бетон куюлуп, ортосу кум менен толтурулуп, анын үстүнө темир учкай жаткырылып  асфальт төшөлүптүр. Ал эми ортосундагы бир метрлик тирөөч, көпүрөнүн бир башы кулаганда омкорулуп кетекенин  баамдоо үчүн эксперт болуунун деле кереги жок.

Негизинен  бул кырдаалдын алдын алып  жергиликтүү бийлик өз убагында  көпүрөнү бекемдеп, оңдош керек болчу.  Тескерисинче биз:  “Тобокел кылып жүрө берсек бир күнү кырсыктап жоготуулар болот, көпүрөнү бекемдейли. Бекемдөө иштерине күч жагынан кол кабыш кылып, каражат жагынан  да жардамдашалы” – деп демилге көтөрүп, бир нече жолу кеткен акимге,  айыл өкмөткө алдын ала кырдаалды айтканбыз, бирок эч майнап чыккан эмес.

Азыр  жергиликтүү бийлик: “Көпүрөнү тургузууга көп каражат кетет. Быйыл өтпөй калды.  Бир  жылдан кийин көпүрө курулат” –  деп, элдин кыжырын келтиришүүдө.

Эмне үчүн  Кош-Алмурут көпүрөсүнүн авариялык абалы жөнүндө бийлик алдын ала элдин маалымдоолору менен  кабардар болуп туруп, беш жылдын ичинде МЧСке өткөрүп, демилгечи эл менен биргеликте ремонттоо иштерин уюштуруп, көпүрөнү  кыйроодон  аз чыгашалар менен сактап калуу айласын табышкан жок? Эмне үчүн МЧС өздөрүнө тиешелүү обьектилерине – сайдын боюн бекемдөөчү габиондорду кээ бирлер огороддорун коруп, тоокана салып алышканына шалаакылык кылып   көзөмөл жүргүзүшпөйт? Жылдан жылга  сайлар кеңейип, жолдорубуз да жырылып жатат.

Алыскы райондордун жергиликтүү мамлекеттик органдарынын иш-милдеттерин, функцияларын, программалардын, Мыйзамдардын, Президенттин жарлыгынын  аткарылышы талаптагыдай көзөмөлдөнбөгөндүктөн; (Президент, Өкмөт – аларга жөнөтүлгөн арыздарды областка шылтап) экспертизалар, текшерүүлөр чындыкка жакын жүргүзүлбөгөндүктөн; туура эмес иши үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбагандыктан бул жоопкерсиздиктер болуп жатат.

2009-2010 жылдары Ноокенден келген  Т.С. Сагындыков деген кадр Ала-Бука районунда аким болуп иштеп кеткен. Ал  өз ишин билген, көптөгөн көйгөйлөрдү – жайыт, таза суу, сугат суу, Орто токой суу сактагычы, чек ара жана башка маселелерди четинен, эч кандай каражат, жогорку бийликтин жардамы  жок эле сөз билиги, иш билги сапаттары менен  өзү чечип жаткан.

Ала-Букалыктар – “такшалган, чыныгы жетекчи келди, эми районобуз оңолот!” – деп аябай сүйүнгөнбүз. Бирок тилекке каршы ал иштен кетип калды. Ушундай адамдарды кетирбей алардын  иш-тажрыйбаларын, башкаруу ыкмаларын мамлекеттин өнүгүүсү үчүн колдонуш керек болчу. Сагындыковдой аким болсо гана деп, азыркыга чейин өкүнөбүз.  Өзүбүздүн Ала-Букадан чыккан акимдер  бизге капа болушпасын. Ала-Бука району бардык жагынан арта калганын айтпай эле коелу, эл кыдырып бизге окшогондордун көйгөйлөрүн чечпей, адаттагы акча жок дегендерин айтып,  стол кучактап, ордун кайтарып отуруп  жарытылуу иш кылбаган натыйжаларынын бири Кош-Алмурут көпөрөсү эмеспи.

Эмне үчүн бийлик, мыйзам чегинде грант алып, долбоор жазып, элдин көйгөйүн чечүү демилгеси жокторду; элдин  (бюджеттин) каражатын  натыйжалуу колдонбогон,демилгечи жарандардын акылын колдонуп, күчүн пайдаланып элди уюштура албаган, тескерисинче кызматын тарттырып жиберчүдөй кызганып, аларга бут тозгондорду; ооз толтура -“акча жок”-  деген  сөздү,  жалган убадаларды, чеберчилик менен айткадарды, “акча табуу  планы, жөндөмдүүлүгү жок,тигини жасаш керек муну жасаш керек, антиш керек минтиш керек” – деген,  бүдөмүк божомолдоолор менен чектелген жетекчилерди колдойт? Дегеле бийликтин көздөгөн максаты шайлоонун эле камын көрүүбү?

Катуу айтсак жаман көрбөңүздөр,  бул катуу сөздөрдү   элдин мүмүкүнчүлүгү азайгандан азайып, чыгашасы, жоготуулар, түйшүгү көбөйгөндөн көбөйүп, жашоо шартыбыз өзгөрбөгөндөн,  айтууга мажбурбуз.

Биздин айылга дегеле таза суу  кирген эмес. Таза  суу эмне экенин билбейбиз. Жакшы заман келди, канчалаган президент алмашты, депутаттар убада беришет,  айыл өкмөт:  “Таза суу киргизип беребиз” – деп түтүн башынан  акча  чогултат. Азыр акча да, суу да, өздөрү да жок. Эл баштагыдай эле өз көйгөйү менен өзү.

Айылдаштарым өмүр бою арыктан суу тундуруп ичет же айылдын четиндеги булактан суу алышат. Булакка жете албагандар  жол боюндагы айылдардан унаабыз менен суу ташыганыбыз ташыган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин  жергиликтүү бийликтен үмүт үзбөй – “жакшы заман келээр, айлыбызга да таза суу  киргизишээр” – деп бийликке залакабызды тийгизбей,  түшүнүү менен мамиле жасап, мал багып, дыйканчылык кылып, азык түлүгүбүздү жыл бою райондун базарына алып чыгып  сатып, кээ бирибиз унаабыз менен жүргүнчү жана ичээрге суу ташып,  бала бакырабызды эптеп көпүрөнүн жардамы менен багып, өзүбүз менен өзүбүз болуп күн өткөрүп келгенбиз. Азыр көпүрөбүз,  ичээрге таза суубуз, жайыт жок сабырыбыз түгөнүп  арызданып отурабыз.

Кир суу ичип ден соолуктан айрылганыбыз аз келгенсип, былтыр бир  миң гектардан ашык  жайыт Өзбекстанга  өтүп,  жайытыбыз  жок калдык. Эми  өзүбүз, балдарыбыз  кырсыктап, мүлкүбүз талкаланып азапта калганы турабыз.

Урматуу Алмазбек Шаршенович! Чыныбай Акунович!Сооронбай Шарипович!

Эмне үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерди тоскоолдуксуз жана  кечиктирилгис түрдө  жоюу үчүн  каржылык жана материалдык резервдер түзүлгөн эмес?Эмне үчүн бийликтин кетирген кемчилиги үчүн эл жапа чегиш керек?

Көпүрөнү сел алганына жарым ай болду. Көпүрө  эмдиги жылы курулат дешүүдө. Бир жылга чейин кантип күн көрөбүз? Бизге азыр көпүрө керек.

Азыркы  түзүлгөн кырдаалда,   унаалар суу жырган чуңкурга тыгылып, урулуп-согулуп,  а шорду  эл жүгү менен таштан-ташка секирип,  суу кечип, бут кийимдери жыртылып чыгаша  тартууда (Кудай өзү сактасын, күз-кыш айындагы таягакта  кырсыкташсачы),  кошалмуруттуктарга    компенсациялар берилеби? Ошондой эле Кош-Алмурут айылына  качан таза суу кирет?- жооп берип койсоңуздарды  суранабыз.

Ала-Бука мост

Ала-Бука мост4

Ала-Бука мост5

Ала-Бука мост6

Ала-Бука мост7

Ала-Бука мост8

Кошалмуруттуктар, 18.07.2016-жыл    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: