Кечээ 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочуларынын олуттуу делген көйгөйлөрүн көтөрүп, Айыл чарба тармагын колго алуу үчүн бир гана айыл чарбасы менен алектенген вице-премьер министр кызматын түзүү сунушун айтышты.
Парламенттин Агрардык саясат боюнча комитетинде Өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыктары боюнча маалыматы угулган. Анда бир катар орчундуу кемчиликтер белгиленген. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматов айтып, айыл чарба тармагын колго алуу үчүн бир гана айыл чарбасы менен алектенген вице-премьер министри кызматын түзүү керектигин же Айыл чарба министрине вице-премьер министр макамын берүүнү сунуштады. Депутаттын пикиринде мындай тажрыйба коңшу республикаларда дагы орун алган. Ансыз да вице-премьерлерден баш адашып турганда, парламент, өкмөт ар кандай кыскартууларга барып жатса, депутат мырза айдан түшө калгандай сүйлөйт да. Жуурканга карап бут сунсак боло…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ