27-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.
Сот тараптардын жарыш сөзүн угууда.
Мамлекеттик айыптоочу Элмира Жумашова Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп туруп, жооптуу абалда болуп, колунда бийлик туруп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыгып, жеке кызыкчылыгын, мансабын ойлоп, жогорку кызматтагы жана башка тараптардын аракеттерине кол кабыш кылып, чет элдик жеке компанияга мыйзамсыз артыкчылык берүүгө көмөктөшкөнүн белгиледи.
Айыптоочу энергетиканын экс-министри Осмонбек Артыкбаевге, ”Электр станцияларынын” башкы директору Салайдин Авазовго, “Электр станцияларынын” башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаровго, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жана башкаруу боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго да дал ушундай айыптарды койду.
“Ушулардын негизинде жогоруда аталган тараптар 1997-жылдагы КР Кылмыш кодексинин 30-беренесинин 3-бөлүгүндө, 303-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандары боюнча айыпталышат”, – деди мамлекеттик айыптоочу Элмира Жумашова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ